Бүгүн, 10-июлда Финполицияга чакыртылган экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова сурактан чыкканын билдирди. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу кабарлады.
Анын айтымы боюнча, ага Кытайдан келген гуманитардык жардам тууралуу бир нече суроо берилген.
“Мени дары-дармектерди жана медициналык шаймандарды башка өлкөлөргө саткан деп айыптоого шашылгандарга айткым келет: Өмүрбекованын демилгеси менен пандемия мезгилинде дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды өлкөдөн алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө жарлык чыккан. Андыктан күнөөлөдөн мурда маалыматты тактоо керек. Мени билгендер менден күмөн санаган жок деп үмүттөнөм, ал эми бул маалыматты бурмалоого аракет кылгандарга муну өздөрүнүн абийирине калтырдым. Азыр эң негизгиси – вирусту жеңүү, калган нерсе маанилүү эмес. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!” – деп билдирди Алтынай Өмүрбекова.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ