Кирешелүү делген “Кыргыз темир жолунун” абалы учурда оор. Аталган ишкананын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев темир жол тармагын такыр сызга отургузуп, коррупцияга белчесинен батырганы боюнча массалык маалымат каражаттарында байма-бай жазылып, КТРКдан да көрсөтүлдү. Бирок эмнегедир чара көргөн жан киши жок. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшкөн кызматы коомчулуктун көңүлүн буруп, жакасын карматкан маселени иликтеп, жең ичинен сол чөнтөккө кеткен каражаттарды таап, жеп-ичкичтерди кустурууну ойлошподу. Мындан улам, кирешелүү тармактын ишпалдасы чыгып, өкмөт бүгүнкү күндө темир жолду өнүктүрүүгө деп бюджеттен ссуда катары миллиондогон каражат бөлүп жатат. Азыркы жетекчи турганда бөлүнгөн акчалар деле кумга сиңген суудай жоголсо керек. Андыктан, сызга отургузган жетекчинин жоопкерчилигин карап, иштей албаса, колу туткак болгон болсо тиешелүү жазасын берип, ордуна иштин көзүн билген кадр дайындаш керек болчу. Андай болбосо, темир жол пайда келтирбей эле кыйрагандын ичинде болот…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ