Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, 2016-жылдын 10-октябры саат 10:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун 409-чакырымында “МАН” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа жолдун четине оодарылып кеткен.
Натыйжада, айдоочусу жеңил жаракат алып, 30 тонна күйүүчү май жолдун четине төгүлгөн.
Окуя болгон жерге КР ӨКМнин 94-өрт куткаруу бөлүм тартылган. Унаа жол ачык. Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы илийктөө иштери жүргүзүүлүдө. Бул маалымат тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ