20-август күнү эртең мененки саат 8:30да 112 номери аркылуу куткаруучуларга Ош шаарындагы “Араван-Ак-Буура” каналына жаш бала агып кетти деген маалымат түшкөн. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, агып кеткен бала 19 жаштагы Р. уулу Н. болгон. ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары кечки саат 16:10до жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ