Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кызы Лола апасы жана жолдошу менен бирге атасынын бейитине барды. Ал сүйүктүү атасын үй-бүлөсү абдан сагынып жатканын айтып, сезимдерин Instagram социалдык түйүнү аркылуу билдирди.
Лола Каримова-Тилляева атасынын Самарканддагы мүрзөсүнө баргандагы сезимдерин сөз менен жеткире албай турганын жазды. Үй-бүлөдө баары атасын сагынып, аны жоктоп жатканын билдирди.
Мындан тышкары Лола атасынын көрүстөнүнө конгон ак көпөлөк туурасында айтып берди. Анын пикиринде, бул – акыретте Ислам Каримов кыйналбай, жакшы жүргөнүнүн белгиси. Каримова атасы алардын жүрөгүндө түбөлүк сакталарын кошумчалады.
Өзбекстан президентин акыркы сапарга узатуу зыйнатына 3-сентябрда өлкөнүн миңдеген жашоочулары чогулган. Ислам Каримовго аза күтүү бир нече күнгө созулган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ