Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Элмира Абжапарова каржылык маселени чечүү үчүн донорлорду тартуу аракети жүрүп жатканын, жакынкы аралыкта германиялык “KFW” банкынын гранттык каражаты иштетиле баштарын айтты. Абжапарованын маалыматында, башкармалык ипотекалык насыяны 6 пайыз менен берүү маселесин пландап жатат. Учурда бул башкармалык 5 млрд сомго жакын каражатка, 4 миңден ашуун ипотекалык насыяларды берди. Бул тууралуу ал президент Сооронбай Жээнбеков менен “жарандарды турак жай менен камсыз кылуу жана ипотекалык насыялоо” системасын талкууло учурунда айтып өттү.Президент жарандардын төлөө мүмкүнчүлүгүн эске алып, ипотекалык насыяны жеткиликтүү кылуу керектигин белгиледи жана ошондой эле ипотеканын пайыздык ченин төмөндөтүүнүн жолдорун кароону сунуштады.
Белгилей кетсек кыргыз өкмөтү «Жеткиликтүү турак жай» программасын ишке ашырыш үчүн Мамлекеттик ипотека компаниясын түзгөн. Бул компания, учурда бюджеттик мекемелерде иштегендерге арзан турак жай алуу үчүн 10 жылдан ашык убакытка ипотекалык насыя берип жатат.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ