Menu

БУУнун өкүлү донор уюмдарды Кыргызстанга көмөктөшүүгө чакырды

Бөлүшүү:

19-ноябрда Бишкек шаарында өткөн «Туруктуу өнүгүү үчун реформаларды тездетүү» форумда Бириккен Улуттар Уюму мындан ары да Кыргызстандын өлкөнү өнүктүрүү максаттарын колдоого даяр экендигин Борбор Азия боюнча БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү Наталья Герман билдирди. Ал Кыргызстан туруктуу өнүгүү багытта керектүү кадамдарды жасаганын белгилеп, өкмөттүн 2022-жылга чейинки «Биримдик, Ишеним, Жаратмандык» программасы колдоого арзый турганын айтты. Аны менен катар Герман донор уюмдар менен ишкерлерди колдоого чакырып: «Өлкөлөр ички ресурстарды мобилдештирүү үчүн баардык аракеттерин жумшашы керек. Бир четинен, эл аралык коом тарабынан көрсөтүлгөн жардам чечүүчү мааниге ээ. Ушул мүмкүнчүлүк менен пайдаланып Кыргызстанды өнүктүрүүдө эки тараптуу жана көп тараптуу өнөктөштөрдү, ошондой эле жеке ишкерлерди өлкөнүн 2030-жылга чейинки өнүгүү күн тартибин колдоого чакырам» деди. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстан эгемендик алгандан бери өнүктүрүү жаатында кызматташкан өнөктөштөр экономика, транспорт, энергетика, суу менен камсыз кылуу, ирригация, саламаттык сактоо, билим берүү, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо тармактарын өнүктүрүүгө 10,5 млрд. доллар каражат бөлгөн.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: