Menu

Ысык-Көлдө бир көчөгө Айгүл Узакованын аты коюлду

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылынын бир көчөсү акын Айгүл Узакованын атына коюлду.

Көчө быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөн ипподромдун маңдайында жайгашкан.

Иш-чарага айыл өкмөтүнүн жетекчилери, ага-туугандары, уулу жана шаардан барган акын-жазуучулар, журналисттер, талантына таазим кылган окурмандар катышты. Алар акын Айгүл Узакованын чыгармачылыгына токтолушуп, көп жакшы эскерүүлөрү менен бөлүштү.

Көчө атын коюуда философия илимдеринин кандидаты Калбүбү Сариева сөз алып анда Бостериден чыккан окумуштууларды, акын жана башка элге төбөсү көрүнгөн инсандарды атап кетти.

– Бостери айылы кыргыз элине көп таланттарды берген. Анын ичинен кызы Айгүл Узакованын урматына көчөнүн атын койгондугуңуздар үчүн чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Элибизде таланттуулар көбөйө берсин. Аны урматтап, сыйлап колуна салып бапестеп алаар атуулдарыбыз да көп болсун – деп ыракматын айта кетти.

Маалымат үчүн:

Акын Айгүл Узакова Ысык-Көл районундагы Бостери айылында 1951-жылы 26-апрелде туулган, 2014-жылы 12-сентябрда көзү өткөн. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
1977–1980-жж. Кыргыз совет энциклопедиясында, 1981-жылдан «Мектеп» басмасында редактор болуп иштеген.
Чыгармачылыгы студенттик жылдардан башталып, ырлары «Учкун», «Темир канат» альманахтарына, республикалык гезит-журналдарда жарыяланган.
1977-жылы жаш акындардын «Ала-Too поэзиясы» фестивалынын лауреаты, 1978-жылы Бүткүлсоюздук жаш акындардын Полтавада өткөн X фестивалынын катышуучусу болгон.
А.Узакованын бир топ ырларына музыка жазылган. Айрым ырлары орус, украин, тажик тилдерине которулган.
1990-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери

Жылдыздуу күз: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1980. – 28 б.

Кеч жарык: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1990. – 51 б.

Түнкү асман: Ырлар. – Б.: Кыргызстан, 1997. – 64 б.

Жүрөгүм менен сүйлөшүү: Ырлар. – Б.: Айат, 2006. – 95

Айсулуу КӨКӨЕВА, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: