Menu

Тажикстан менен алмашууга кайсыл жер тилкелери сунуш кылынды

Бөлүшүү:

Ак-Сай жана Самаркандек айылдарындагы жер тилкелери Тажикстан менен алмашууга сунуш кылынды. Бул тууралуу 21-январда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Депутат Таабалды Тиллаев алмашыла турган тилкелер боюнча өкмөткө жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.

“Эл жерлерин Тажикстанга берип жатат деп тынчсызданууда. Бул жерде жыйын өткөрүп олтура бербегиле. Элге баргыла, ошол жактан эл менен сүйлөшкүлө, алардын оюн уккула. Аксакалдарды, депутаттарды кошкула, биз да барып беребиз”, – деди ал.

Вице-премьер-министр Ж.Разаков жер алмаштырууда ал жерде жашаган ар бир тургун менен кеңеше тургандыктарын айтты.

“Ак-Сай менен Самаркандек айылдарындагы эки жер тилкесин алмашууну сунуш кылдык. Эгерде жергиликтүү тургундар буга каршы болсо, эч кандай алмашуу болбойт. Биз 18 жаштан жогору ар бир жашоочу менен жолугушабыз”, – деди өкмөт өкүлү.

Эскерте кетсек, 14-январда “Кызыл-Бел” жана “Гулистан” чегара заставаларынын ортосунда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт делегациялары жолугушкан. Анда алты маселе боюнча бир пикирге келип, биргелешкен протоколго кол коюшкан. Делегациялар чегарадагы чатыраш иретте жайгашып калган жер тилкелерин алмашууну, тиешелүү документтерди 2020-жылдын 1-мартына даярдоону макулдашышкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: