Жогорку Кеңеште мамлекеттик бюджетке колдоого көрсөтүүгө багытталган Бишкек шаарында 2016-жылдын 20-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Финансылык макулдашууну (Башкаруунун жана атаандаштыктын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатында операциясы) ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
«Башкаруунун жана атаандаштыктын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатында биринчи кадам» программасынын Эл аралык өнүктүрүү ассоциясиясы тарабынан 24 млн. доллар берилет, анын ичинде 10,8 млн. доллар гранттык жардам, ал эми 13,2 млн. доллар жеңилдетилген насыя каражаты болуп саналат.
Бул программанын насыялык бөлүгү ЭӨА мөөнөтү жана шарттары менен берилип, аны төлөө республикалык бюджеттин каражаттарынын жардамы келишиминин шарттарына ылайык ишке ашырылат.
Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, каражат толугу менен республикалык бюджетке түшөт, дагы башка кошумча чыгымдар каралган эмес.
Булак: Асман плюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ