Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталып, УКМК тергөө абагында жаткандардын бири, 2010-жылы Жалал-Абадда губернатор болуп турган Бектур Асанов кат аркылуу кайрылуу жасады. Анда ал медиа каражаттарында айтылып жаткан «2010-жылдын апрель-июнь айларында Кадыржан Батыров менен Өмүрбек Текебаев эң көп жолуккан» деген маалыматтарды төгүндөөрүн, муну далилдеп бере аларын айтып, бийликтин эки жүздүү саясаты максатына жетпесине ишенерин билдирген.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ