Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров “ЭлТР” телеканалынын эфиринде Нариман Түлеевдин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматына убактылуу дайындалышына байланыштуу комментарий берди.
Анын айтымында, ал Нариман Түлеевдин ал жакка барганын билген эмес.
«Алгач Нариман Түлеев ал жакка барганын билген эмесмин. Мен бул жөнүндө Азиз Суракматов кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазып, Түлеевди анын ордуна милдетин аткаруучу кылып таштап кеткенден кийин билдим. Суракматовдун буга укугу бар болчу. Жалпысынан шаардык кеңеш мэрди шайлайт. Мен Нариман Түлеев менен сүйлөштүм, ал кызматтан кетүүгө убада берди», – деди Садыр Жапаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ