Бабановго кошула коём деп былтыр парламенттик шайлоодон жыдып калгандан бери саясаттан алыстап, ың-жыңсыз кеткен «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да шайлоо жакындаганы кыймылдай баштады. Аны тегеректегендер Камчыкенин кийинки жылы өтчү президенттик шайлоого тымызын даярдана баштаганын кеп кылууда. Аларга ишенсек, Ак үйдүн коргонунан ашып түшкөндөн кийин ташы ылдыйлап кеткен Ташиев мырза сырттагы жана ичтеги таасирдүү кишилер менен жолугушуп, шайлоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө үлгүрүптүр. Азыр болсо аттуу-баштуу саясатчылар менен чайлашып, өнөктөш издеп жаткан кербези экен.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ