Казакстан Журналисттер союзунун жетекчиси Сейтказы Матаев алты, уулу Асет Матаев беш жылга эркинен ажыратылды. Сейтказы Матаев маалымдоо каражаттарына материалдарды жайгаштыруу үчүн мамлекет бөлгөн 300 миллиондон ашуун теңгени кымырып алган жана мыйзамсыз ишкерлик жүргүзүп, 327 млн. теңге салык төккөн эмес деп айыпталды. КазТАГ агенттигинин жетекчиси, анын уулу Асет Матаев акча кымырууга жардам берген деген негизде беш жылга кесилди. Айыпталгандар менен айрым жарандык активисттер муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ