Menu

Күлүйпа Жумабекова, тамырчы: “Тамырдын согушунан, алакандан, каректен ракты аныктайм”

Бөлүшүү:

 

“Дарыгердин ченеми – чеңгелинде, эрдиги – энтиккен ооруну жеңгенинде”  дегендей, Күлүйпа эже не бир шумдук дарттарды дарылап, Кудайга үнү жетип, жашоодон үмүтү өчкөндөргө өмүр тартуулап, алкышка татып келет. Айтмакчы, дүйнө жүзүндө 1 миллиард 200 миллион адам рактан жапа чегип, рактын дарысын таппай кыйналып жатса,  Күлүйпа эже канчалаган ракка чалдыккандарды  айыктырып, эч бир аппараты жок эле тамыр кармап оор дарттарды аныктап,  кабагым-кашым дебей дарылайт.  Диагнозду мыкты койгон Күлүйпа эженин ракты кантип аныктарын, кайсы оору кандай дарттын өрчүшүнө шарт түзөрүн сурадык.

– Күлүйпа эже, ракка чалдыгып калган  адамды  жүзүнөн эле билип койсо болобу?

– Ракка чапчу шишикти бир эле карап билип алганымды түшүндүрүп айталбайм.   Сыягы 6-сезимим күчтүү окшойт. Адамдын өңүн көргөндө эле кайсыл органы жабыркап, кайсыл органында шишик өсүп баратканын билем. Кээ бирөөлөр  шишик чаап  баратканын билбей толуп баратам деп ойлошот. А чынында шишик эң жаман дарттын белгиси. Ошондуктан кайда барсам да, кандай транспортко түшсөм да,  элдин бетин карабоого аракет кылам.  Бүгүн эч нерседен бейкапар басып жүргөнү менен эртең жыгылып калат  деп ичимден  капаланып, кыжаалат боло берем. Токтотуп алып мындай дарт менен ооруйт экенсиң, дарылан деп айтканга  батынбайм. Ким кандай ойлойт деп кооптоном. Анткени жашың улгайып калганда бирөөдөн катуу сөз угуп жүрөгүңдү да ооруткуң келбей калат экен. Кагып койсо эмне кылам деп тартынам. Ракты жыланга да каалабайм. Рак акыркы стадияларына жеткенде жаныңды кыйнайт. Күйүп аткан токту кармап өлгүң келет. Ошондуктан шишик, рак дегенди укканда күлүп аткан күлкүм токтоп, ичип аткан тамагым өтпөй калат.

Ошон үчүн ракка чалдыгып калгандар боюнча кичине маалымат берейин.  Эгер бөйрөк жакшы иштебей калса, заара бөлүнүп чыкпай, денеге тараганда да бөйрөккө же табарсыкка шишик пайда болуп, денең оорлоп, заараң сыртка чыга албай денеге тарай баштайт.  Жаман дарт экенин этибар албагандар курсагым чыгып, семирип, энтигип баса албай калдым дешет. Чынында бөйрөктүн иштөө функциясы бузулуп, заараны бөлүп чыкпай, жаның жер тартып эле жаткың келип калат. Көптөр мындай оор дарттарды операциясыз айыкпайт деп ойлошот. Бирок, операция сакайтмак турсун  шишикти кесип алганда канга метостаз аралашып кетип, көп учурда өлүм эртелеп кетет. Ошон үчүн “операциядан чыккандан кийин кете берди” деп калышат.  Мындай учурда  мен башкы себепкер дартты таап, туура диагноз коюп,  метостаз канга аралашып кетпеси үчүн чөптөрдүн кошулмасынан жасаган дарыларымдын жардамы менен алсыз органды жабыркатып аткан метостазды сыртка чыгарып, анан шишикти  жарып сакайтам. Адам баласы жаныбар көтөрө албаган дартты көтөрөт. Денеден уулуу заттарды же ириңди сордуруп чыгарууда коёндун, чычкандын терисин колдоном. Алардын бетине чөп-чарымды коюп, аны жарылган жерге  таңып койсоң таң атканча ошол оорулуу жаткан үй адам чыдагыс сасык жыт жыттанып, шишикти соруп алсын деген терилер лейкопластырдай эле жармашып, дарттын тез сакайышына шарт түзөт. Эгер ошол шишикти бакага жардыртсаң, бака бутун силккенге жарабай өлөт.

– Акыркы мезгилде ички органдарга эле эмес мээге да шишик пайда болуп, жапжаш туруп каза болгондор көп болууда. Мээге  шишик эмне себептен пайда болот?

– Мээге өскөн шишиктин себептери көп. Кандайдыр бир травма алып, мээ чайкалып калса же сууктан сезгенип калса, аялдар жатыны ылдый болуп жүрүп төрөсө да баланын башы кысылып, гематома же башка дарттар менен кыйналып жүрүп, акырындык менен  мээге шишик пайда болот. Башты ар дайым күндөн калкалабагандыктан  шишик күндөн тез тамактанып, бат  өсүп кетет. Аны этибар албагандар көлгө түшүп, кумга жатып, оорусун андан да күчөтүп алышат. Шишик чоңойгон сайын мээни кысып, көздү ачтырбай, жаныңды коёрго жер таппай турган абалга келет. Керек болсо кээ бир шишиктер баш сөөктөн томпоюп эле көрүнүп калат. Жан айласын таппай жаткандарга жардам кылуу үчүн өзүм жасаган дарыны 4-5 маалдап берүүгө туура келет. Бул чөптөрдүн кошулмасынан жасалган дары жарактан чыккан ар бир нерв системасын калыбына келтирип, бардык организмдеги шишикти жок кылып, ракты өстүрчү клеткаларды катырып таштайт. Сөөктү бекемдейт. Терини жашартат. Кыскасы, организмдин баарын тазалап,  чачтын учунан тырмакка чейин дарылайт.

– Рак менен жабыркагандар кандай тамак-аштарды ичкенге болбойт?

– Негизи рак менен же башка дарт менен жабыркап мага кайрылгандардын баарына   кымызды, бээнин сүтүн, нак сүттүн өзүн ичишине тыюу салам. Анткени, ак менен тамактансаң дарт да ошончолук тез өсөт. Дарыгерлик ыкмамда мен ноокастарга ак ичирбей, ооруну алсыз кылып чыгарып салууга аракеттенем.

Көптөр тоого чыгып сүт ичтик, кымыз ичтим, өңүмө чыгып калдым, жанымды кыйнаган дарттан жеңилдей түштүм дейт. Бирок, 1-2 айдан кийин мурдагыдан эки эсе катуу ооруйт. Анткени оору ошол ичкен актан тамактанып, күчтөнүп алат. Аны жеңүү бир топ убакытты талап кылат. Ошондуктан кымызды, бээнин сүтүн ден соолугу чың кишилер ичпесе, саламаттыгы начар адамдар ичпей эле коюусун сунуштайт элем.

– Элдин көпчүлүгү жабыркаган богок деген дарт бар. Ал адамдын ден соолугуна канчалык деңгээлде коркунучтуу?

– Богокту көптөр этибар албай, кадимки эле дарттай кабылдашып жүрө берет. Чынында анын организмге терс таасири өтө көп.   Богок деген элес албай коё турган дарт эмес. Ал жанды кейитип оорутпаганы менен ар бир безге таасирин берип, жыйынтыгында чоң түйшүккө салган жаман дартка шарт түзөт. Богок сөзсүз өткө, боорго, көзгө, бөйрөктөгү бездерге, аялдардын жатынына, эмчегине терс таасирин  берет.

Богок оорусуна чалдыккандар тез ачууланып, өңү да бузулуп, көздөрү да чанагынан чыгып кетчүдөй болуп, жакшы нерседен да жамандык издеп калышат. Анткени, богок ошондой кайгыруу, капалануудан  кубат алып өсөт. Ошондой эле богок менен жабыркагандар компьютерде азыраак отуруп, уюлдук телефонду көп колдонуудан сактанышы керек. Булардан бөлүнүп чыккан нурлар богоктун тез өсүшүнө өбөлгө түзөт. Богоктон жабыркагандар да жогоруда айткандай ак ичкенден сактанышы керек. Эгер ден-соолугубузду мыктылайбыз деп ичишсе, без чоңоюп кетип,  азабын эселеп тартып калышат.

Врачтар мойнуңду эле карап, шилекей бездериңди текшерип, богогуң бар же жок дей берет. Чынында богок моюнга эле эмес, желкеге, кулактын түбүнө да өсөт. Богоктун массалык түрдө жайылышына дары менен семиртилген малдын эттери жана арзанына карап, сатып алган сырттан келген тоок эти, ошондой эле  тамак-ашыбызда йоддун жетишсиздиги, кен-байлыктарыбыздын  жетиле электигине карабай казып алууга уруксат берилгени,  климаттын өзгөргөнү, химикат аралашкан тамак-ашыбыз себеп болууда. Ошондуктан йоддолгон азыктарды жегенге үйрөнүшүбүз керек. Анткени, йоду бар суу да иммунитетти  көтөрөт.

Богок шилекей безди эле эмес, бардык бездердин иштөө системасы бузуп, гармондорго терс таасирин тийгизип,  гармондордун бузулушуна алып келет. Гармон бузулганды да этибар албай жүрө берген болбойт. Гормон жүрүп отуруп, организмдеги кайсы бир без жайгашкан алсыз органга шишик пайда кылып, заматта ракка чалдыктырып салат. Ошондуктан гормондун  бузулуусунан толуп атам деп жүрө бербей дарылануунун аракетин көрүп, гармондун бузулуусун калыпка салыш керек. Болбосо адам дүүлүкпөй калып, төрөттөн да калат. Мага гармон бузулганынан төрөй албай беймаза болгондор көп кайрылат.

Гармонду дарылоого сабырдуулук керек. Ал оңой менен калыбына түшпөйт, бир топ убакытты талап кылат. Бирок, гармонду гормоналдык дарылар менен дарылоого болбойт. Аны касиети күчтүү чөп дарылар менен калыбына келтирбесең, гормоналдык дарылар жарытылуу деле жыйынтык бербейт.

– Диагнозду кантип коёсуз? Сизге көрүнүп кеткендер аппаратка түшүп чыккандай эле дарттарын аныктаганыңызды айтып калышат го…

– Тамырдын согушун, жүрөктүн ритмин, адамдын бетин, алаканын, таманын, карегин карап диагноз коём. Менин ийгилигим дартты туура аныктоодон башталат. Ошондуктан айрым врачтар өзү врач экенине карабай “сизден эле дарыланалы” деп турушат.

Бир сапар таластык бир аял келип, “заарам кан аралаш чыгып жатат”  деди. Бөйрөгүңүз оорубай эле  табарсыгыңызда шишик пайда болуп калгандыктан заараңыз кан аралаш чыгып жатат. Бүгүн дарыланып калбасаңыз, эртең кеч болуп калат десем кеткен боюнча келген жок. Бир канча айдан кийин шишик жеттигип калганда онкологиядан операцияга макул болбой, “ушул табыптын айтканы туура чыкты, эмне кылсаң да мени дарыла” деп  бала-чакасы менен келип алды. Убакыт өтүп шишик чоңоюп кетти. Сакайышыңызга кепилдик бере албайм десем, “апамдын жанын аман алып калсаңыз экен” деп балдары ыйлашат. Балдарынын ыйлаганын көрүп жүрөгүм чыдабай дарыладым. Кудайдан болуп, таза айыгып кетти. Мындайлардын баарын айтсам гезит бети түт келбей калат го.

Байланыш тел.: 0556 75 75 84

Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: