Тагдырдын тайкүлүк аты алтын такасы менен так маңдайга тепкен адамдын бири – Бакыт Төрөбаев. Кайсы бийлик келбесин май көл, сүт көлдүн үстүндө жүрөт. Бакиев бийлигинин учурунда Максимдин кыйышпас досуна айланып, далай иштерди жасаганы маалым, бизнесин гүлдөтүп. Бакиев доорунун акыркы ӨК министри так ушул Бакыт Төрөбаев болгон. Кезинде «Ак жол» партиясы менен депутат болуп келген, бирок кандай жүйөлүү маселелерди көтөргөнү эсибизде жок. Арийне Каркыраны казактарга кармата берчүдө «макул» деп добуш бергени менен эсте калды. Бүгүн Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» деген 13 мандаттуу фракциянын лидери. Сыртта калса карышкыр жечүдөй болуп, тырмышып атып көпчүлүк коалицияга кирип алган. Тилекке каршы, коалиция менен бир пикирде эмес, өз билгенин кылууда. Эшикке чыгып бир сүйлөп, ичке кирип бир сүйлөп жүрөт. Эки жүздүүлүктүн дагы чеги болот да, болбосо коалициядан чыксын дагы «Максимдин обонун» созо берсин да!
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ