Ноябрь айында Бишкекте коронавирустук инфекциянын 1055 учуру аныкталып, анын ичинен 38 учур 14 жашка чейинки балдардын арасында катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев Бишкек мэриясында өткөн жыйында билдирди.
Анын айтымында, 38 баланын ичинен 19у өз алдынча медициналык мекемелерге кайрылышкан, ал эми калган 18и коронавирус менен ооруган ата-энелери менен байланышкан адам катары текшерилген.
“Текшерүү учурунда 25 балада оорунун белгилери байкалган, ал эми 13 баланын симптомсуз оорусу болгон. 30 адам амбулатордук негизде дарыланып, экөө ооруканага жаткырылды. 14 жашка чейинки балдар арасында өлүмгө алып келген учурлар каттала элек», – деди Кубан Кундашев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ