Октябрь райондук соту журналист Дайырбек Орунбековдун адвокаттарынын өтүнүчүн канаттандырган жок. Бул тууралуу “kyrgyztoday”ге анын коомдук жактоочусу Тимур Саралаев билдирди:
“Орунбековго козголгон кылмыш иши Башмыйзамдын жана эл аралык адам укуктарынын нормаларын бузуу менен “соттун чечимин атайын аткаруудан баш тартып жатат”,- деп козгогон. Бирок, Орунбеков соттун чечимин аткаруудан баш тарткан эмес. Президенттин пайдасына чечилген 2 000 000 айып пулдун бир канча бөлүгүн төлөп баштаган. Тилекке каршы, ага карабай Орунбековго карата кылмыш иши козголуп, ага “Соттун чечимин атайын аткаруудан баш тартып жатат”,- деген күнөө коюлуп, 2 жыл эркинен ажыратуу беренесин колдонуп жатышат. Буга чейин журналист каржылык мүмкүнчүлүгү болбогондуктан төлөй албай жатканын билдирген, бирок Аламүдүн соту ага административдик жаза берип, айып пул салган. Башкача айтканда юридикалык жазасын алган. Эми, алган жазасына карабай экинчи жолу жаза бергени жатышат. Бул Башмыйзамдын баалуулуктарына, эрежелерине карама-каршы келет. Адвокаттар бир кылмышка эки жаза бербей турганын негиз кылып, сотту кыскартуу өтүнүчүн сотко беришти эле, сот аны канаттандырган жок”,- дейт журналисттин коомдук жактоочусу Тимур Саралаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ