Menu

Евробиримдик аймактагы экстремизм коркунучунун өсүшүнө кабатыр

Бөлүшүү:

Экстремизм менен радикализмдин таасири жана туруксуздуктун жайылышы боюнча  Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кырдаал кооптуу. Бул тууралуу Евробиримдиктин Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хидоят Бишчевич билдирди.

Мындай пикирин ал Тажикстанда өткөн радикализм жана экстремизм көйгөйлөрүн чечүүгө арналган эл аралык жыйында айтты.

Бишчевич экстремизмдин жайылышын өлкөдөгү демократияны кеңейтүү жолу менен гана алдын алууга болот деп эсептейт. Анын айтымында, Тажикстан терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүүдө өлкөдөгү жарандык согуштан алган тажрыйбаларын пайдалана алат.

Ошондой эле Хидоят Бишчевич бул маселеде жарандык коом менен өкмөттүн кызматташуусу керектигин белгиледи. Анын айтымында, европалык эксперттер экстремизм менен радикализмге каршы туруу боюнча өз сунуштарып берүүгө даяр.

Адвокат Дилафруз Самадова болсо Тажикстанда экстремизмге каршы күрөшүүнүн жолдорунун бири адам укуктарынын сакталышы экенин айтты.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: