Menu

Түркиялык басылмалар Алмаз Атамбаевдин Стамбулдагы оорусу тууралу өздөрүнүн версиясын жазып чыгышты

Бөлүшүү:

Түркиянын Siyaset cafe басылмасы сентябрь айындагы Алмаз Атамбаевдин Стамбулдагы оорусу тууралу өздөрүнүн версиясын жазып чыкты. Төмөндө түрк тилинен кыргызчаланган ал маалыматты тартуулайбыз.

 

Кыргызстан Президенти Алмазбек Атамбаев Нью-Йорктогу БУУнун Генассамблеясына Түркиядан ары Режеп Тайип Эрдогандын учагы менен чоогу учуу сунушу менен кайрылган. Бирок, ал Стамбулга учуп келгенде Эрдогандан “ЖОК” деген жоопту алгандан кийин заматта “ооруп” калгандыгын шардана кылды. Кудум эле артист сыяктуу образга кирип, тез жардам машинеси менен ооруканага кеткен видеосун коомчулука чыгартты. Анан эле туристтик зона аталаган Измирдин Чешме айылына “эс алууга” кеткен.

Өткөн айда Нью-Йоркто БУУнун башкы чогулушуна баруу учун, Стамбул аэропортунан учакка түшө турган убакта, турган жеринен заматта ноокастаган Атамбаевдин чындап эле ооруганы же оорубаганы учурда кызуу талкуу жаратууда.

Президент Режеп Тайип Эрдоган менен БУУнун чогулушуна бирге баруу ниетин билдиргенде Эрдоган Атамбаевтин сунушун кабыл албай койгон. Андан улам Атамбаев заматта ошол жерден ооруп калып БУУнун чогулушуна дагы барган жок.

Бизге жеткен маалымат боюнча Түркия Президенти Эрдогандан “ЖОК ”деген жоопту уккандан кийин, Атамбаев ортомчуларды ортого салып, бир жума Москвадан кандай кабар келет деп күтүп жаткан. Кабар келээри менен шашып-бушуп эс алуусун таштап, шашылыш Москвага дарыланам деген шылтоо менен учуп кеткен.

Оруссия менен Түркия “Су 24” учагынын көйгөйү чыккан учурда, кечөө эле “АБИМ ”деп жүргөн Атамбаев , Эрдоганды сынга алган. Ошол кемчилигин оңдоо үчүн Түркияга келгендиги айылдагы “дүлөй чалга” деле маалым болду.

Атамбаев өлкөсүндө өзүнүн баардык иштери тетири кеткен убакытта, Орус-Түрк мамилелери салкын болуп турган учурда Түркияга жана Эрдоганга аркасын салгандыгын оңой эле унутулуп калат деп жеңил ойлонуп алса керек.

Андан сырткары учурда Түркиядан качкан “ФЕТО”чу Ипек Холдингтин ээси Акын Ипекти өлкөсүндөгү “алтын кендерин ” сатуу максатында чакырып, эң жогорку деңгээлде протокол менен тосуп алган. Акын Ипек бул “алтын кендеринен” пайда түшпөөрүн көрүп, жеке учагы менен артка кайтып кеткенине байланыштуу Атамбаевдин жаңы пайда таба турчу планы дагы  ишке ашпай калган.

Бүгүн, Кыргыз элинин ичинде Атамбаевке каршы аябай олуттуу бир оппозиция курула баштады. Кыргыз мамлекети азыр кедей, келечеги бүдөмүк.

5 милион калкы бар Кыргызстан Кытайга 2.5 милиард доллар тышкы карызы болсо да президенти Атамбаев 2.5 милиард долларды кыргыз эли төлөй алат деген сөздөрдү колдонуп келет.

Атамбаев Кыргызстан мамлекети кедейликтен башы чыкпай турган учурда өлкөнүн эң баалуу эсептелген 100 тонна алтыны бар,  баасы 5 млрд долларлык Жерүй алтын кенин Россияга 100 млн эле долларга сатып жиберди. Кыргыз мамлекети өзүнүн пайдасы катары бул  алтын кендин 100 пайызынын 1 пайызын дагы алалбай калды.

Автору: Hakan Sönmez

Булак: siyasetcafe.com

skrinshot-turk-mmk

skrinshot-turk-mmk2skrinshot-turk-mmk3

http://www.siyasetcafe.com/Dunya-Haberleri/21170-atambayevin-bir-garip-hastaligi

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: