Menu

Айбек Асаналиев, “Аватар Иншаат” компаниясынын өкүлү: “Бирка боюнча тендер мыйзамсыз бурмаланды…”

Бөлүшүү:

 

Кыргызстандагы мал-жандыктарды идентификациялоо боюнча жараян аягына чыкпай, натыйжада өлкөдөгү малдын эти сыртка экспорттолбой, Бажы биримдигине кирүүдөгү фермерлердин эң башкы үмүтүнө суу себилген бойдон турат. Бул боюнча тиешелүү мыйзамды парламент 2012-жылы эле кабыл алып бергени менен үч жылдан бери өкмөт бул иштин аягына чыкпай койду. Кызыгы башка маселелерге келгенде бийликтегилер “бюджетте акча жок” деп туруп беришсе, а бул малды идентификациялоонун каржысы эчак эле чечилген болчу. Тагыраагы, Орусия менен Казакстан Кыргызстан Бажы биримдигине кошулаар алдында эле каржыны убада кылып, Орусия которуп да жиберген. Бирок биздеги бюрократиялык жана коррупциялык мамилелер бул жараяндын ишке ашышына бөгөт болуп тургансыйт. Айталы, мал-жандыкты идентификациядан өткөнүн тастыктаган кулакка бирка тагуу боюнча өкмөттүн тендери бир жылда үч жолу өтүп, үчөө тең ызы-чуу менен коштолду. Биринчисин Өкмөт өзү “Токтом күчүнө кире электе жарыялап алыппыз” деп артка кайырса, экинчиси Маммүлк фонду тарабынан мыйзамсыз деп табылган болчу. Ал эми үчүнчү жолку тендер ийгиликтүү ишке ашырылганы менен мындагы шарттардын мыйзамсыз өзгөртүлүшү суроо жаратып, парламент, Өкмөт, укук коргоо органдары териштирүүнү баштады. Бүгүн биз, ушул малды биркалоо боюнча үч тендерге тең катышкан түркиялык “Аватар Иншаат” компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Айбек Асаналиевди кепке тарттык…

-Айбек, силер мал-жандыкты биркалоо боюнча тендер мыйзамсыз болуп калды деп жатасыңар? Эмне себептен?

-Маселен, мен “Аватар Иншаат” компаниясынын кыргыз өкүлү катары айтсам, биздин компания 10 жылдан ашык убакыт Түркияда малды идентификациялоо боюнча иштерди аркалап келген тажрыйбалуу компания. Ошондуктан Өкмөт жарыялаган пилоттук долбоордун тендерине катышып, бирок бул мамлекеттик тендердеги мамилелерге көңүлүбүз кайт болуп отурабыз. Анткени бул мамлекет үчүн маанилүү долбоор экенине карабай, андагы шарттар ачык жазылып турса деле мурда-кийин мындай ишмердик менен алектенбеген, керек болсо скотч, желим идиш-аяк жасаган кытайлык фирмаларды деле катыштырышты. Бирок 1-тендерди ветеринардык жана фито-санитардык көзөмөл инспекциясы өзү жокко чыгарып салгандан кийин, 2-3-тендерлер эми таза өтөт го деп турсак, анда деле мурдагыдай суроо жараткан мамилелер орун алып кетти.

Мисалы, биринчиден, биз тендердин шарттарына ылайык, бирка чыгаруучу заводдун өзүнөн продукциянын өздүгүн тактаган кат алып келип, каттын түп нускасы албетте, түрк тилинде болгондуктан атайын котормо компаниясына орусчага котортуп, аны нотариустан күбөлөндүрүп тапшырсак да, “подпись” жана “директор” деген сөздүн которулбай калганын чоң, орчундуу шылтоо кылып, тендерге катышуудан четтетип салышты. Мына, биздеги кардарларга, кызматташуучу инвестициялык компанияларга болгон мамиле! Балким биздин өзүбүздү чакырып каттын оригиналын талап кылса, кайра деле катабызды оңдоого аз эле убакыт кетмек, андай кылышпай алып салганга шашышты.

-Демек уткан компаниянын документтери баарыңардыкынан так, мыкты жана алар баасын да арзан сунуштап, төгөрөгү төп келсе керек. Ушул үчүн мыйзамсыз дегенге болбойт да эми?

-Жок, мыйзамсыз дегенибиздин себеби тендердик комиссия  капысынан эле жаңы тендерди жарыялоодо тендердин техникалык шарттарындагы бир шартты өзгөртүп жибергенинде болуп жатат. Себеби башында  тендерге мурда-кийин мал-жандыкты идентификациялоо боюнча ишмердик менен алектенген гана компаниялар катышууга тийиштүү болсо, 3-жолку тендерде бул шарт алынып салынып жатпайбы. Эми окурмандар деле ойлонуп көрүшсүнчү, мурда-кийин бир бирка чыгарган завод менен алектенбеген, бирканын жасалышы, анын малга тагылышы боюнча түшүнүгү жок, башка эле иштер менен жүргөн компаниялар эле мындай жооптуу ишке ортомчулук кыла бергени кантип жакшы болсун? Баарынан мурун 3-тендер жарялангандан кийин эле бир күнү тендердик комиссия чогула калып жатат да, жогорудагы шартты эч кандай аргументтерге таянбастан эле өзгөртүп жиберип жатышат. Бул боюнча же техникалык шартты өзгөртүүнүн эмне зарылдыгы бар болгонун  ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумакановдун өзүнөн сурап, жооп ала алган жокпуз. Демек бул жерде кандайдыр бир кызыкчылык болгон, Эшматпы, Ташматпы, иши кылып эле 40 млн. сомдук тендерди утуп алсак болду деген тараптар болгон десек жаңылышпайбыз.

-Ошондо утуп чыккан компаниянын биркаларынын сапатына силердин күмөнүңөр барбы?

-Бул жерде аталган чиновник мырза атайын Кыргызстан үчүн делген “KG” белгиси бар биркалардын үлгүсү көрсөтүлгөн жок, көбүндө ИКАРдын(эл аралык идентификация уюму) сертификаты жок болгон деп жатат. Мисалы, биздин “Аватар Иншаат” биз баарын толук жасаганбыз заводдон. Ал эми утуп чыккан “Нюсь Стар” деген кытай компаниясы өзү бирка чыгаруу, сатуу менен алектенбесе дагы, кайсы бир кытай заводунун биркасын бизден жарым миллион сомго арзан сунуштап, утуп алып жатат. Биз карап көрдүк, ал биркалардын сапатын, жулсак жулунуп кетти. Ошондуктан бизден арзан сунуштагандыр. Бирок таң калычтуусу алар деле ИКАРдын сертификатын алып алышыптыр. Ошого таянып “булар арзан берип жатат, ИКАРдын сертификаты бар экен, баары мыйзамдуу” деп туруп жатышат. Биз тендердеги кеткен мыйзамсыз кемчиликтер боюнча бардык укук коргоо органдарына жаздык, генпрокуратурага, УКМКнын антикоррупциялык кызматына, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматына, премьер-министрдин өзүнө кайрылдык. Баары эле түшүнүп турушат, бизди чакырып көрсөтмө деле алышты, бирок иш иликтенбей токтоп турат. Демек коррупциялык шектенүүбүзгө негиз бар.  Биз эмес, ЖКнын профилдик комитети да бул тендерлер боюнча иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшырганы деле бекеринен эмес…

Булак: Фабула 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: