Депутат Алтынбек Сулайманов жаңыдан аты чыгып келе жаткан, экономика багытындагы орус тилдүү “Akchabar.kg” сайтын сатып алып, аны жетектөөгө белгилүү журналист Султан Каназаровду чакырганын уккан элек.
Андан көп өтпөй бийлик тарап Slon.kg маалымат сайтын ачып жана New.TV” телеканалын сатып алып, аларга жетекчилик кылуу үчүн Султан Каназаровду чакырышканын биздин жеке булактар кабарлады. Кыязы Султан Каназаровго атамбаевчил “АпрельТВ” телеканалынын бийликке каршы пропагандасына каршы тура ала турган медиабирикме уюштуруу милдети тапшырылса керек.
Султан Каназаров өз вазыйпасын аткара алат бекен? Ай ким билет, ким билет…
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ