Menu

Али Феруз Орусияда мыйзамсыз иштегени үчүн айып пулга жыгылды

Бөлүшүү:

“Новая газета” басылмасынын журналисти Али Феруз Орусияда мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн деген күнөө менен 5 миң рубль айып пулга жыгылды. Бул тууралуу “Интерфакс” билдирүүдө.

Москванын Басман соту журналистти Орусиядан чыгаруу боюнча токтом чыгарып, бирок Адам укуктары боюнча Европа сотунун чечиминин негизинде депортациялоону убактылуу токтотту.

Ферузга карата кезектеги иш 16-ноябрда “Новая газета” басылмасынын редакциясын миграция маселелери боюнча бөлүмдүн кызматкерлери текшерип кеткен соң ачылды.

Ушул жылдын август айынын башында Али Феруз миграциялык мыйзамдарды бузду деген кине менен Москвада кармалган. Кийин Орусиянын доо арыздарды караган соту аны Өзбекстанга депортациялоо тууралуу чечимди аткарууну убактылуу токтоткон.

Укук коргоочулар, журналисттер жана Феруздун туугандары ал Өзбекстанда кыйноого кабылып, абакка камалышы мүмкүндүгүн, атургай өмүрүнө да коркунуч жаралышы ыктымалдыгын айтышууда.

Журналисттин арызын Европанын адам укуктары боюнча соту карап чыкмайынча, аны депортациялоо токтотулган. Ага чейин Феруз Орусиядагы качкындардын убактылуу жайында болушу керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: