Menu

Видео – Екатеринбургда маянасын ала албай жаткан мигранттар иш ташташат

Бөлүшүү:

«Екатеринбург шаар куруу компаниясы» эки айдан бери мигранттарга маяна төлөп бере элек. Мигранттардын опузасынан кийин жергиликтүү бийлик бул окуяны иликтеп баштады.

Жумушчу Мирсодик Мамадов карызга батканын, аласаларын үстөк пайызы менен талап кылган доочулар күн сайын келип жатышканын билирди. Ал акчасы жок үй-бүлөсү менен ижарага алган батиринен дагы чыгып калды.

Компания мигранттарга жалпысынан 7 миллион рубль карыз. Баары легалдуу иштейт.

«Екатеринбург шаар куруу компаниясынын» башкы директору Александр Широченко журналисттер менен жолугушуудан баш тартты. Атүгүл мигранттар иште “алешемдиктерге” жол бергендиги үчүн ага төлөп берүүлөрү керектигин айтууда. “Биз жаңжалды сүйлөшүү жолу менен чечели дегенбиз, бирок алар макул болушкан жок. Биз эми сапатсыз жана өз убагында бүткөрүлбөгөн иш үчүн сотко кайрылдык”, – деди ал.

Прокуратура компаниянын ишмердүүлүгүн текшере турганын маалымдады.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: