Menu

Самидин кары Атабаев: “Үй-бүлөнүн кутун сактоо аял-эненин милдети!”

Бөлүшүү:

Бүгүн, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан “2016-жыл Тарых жана маданият» жылына карата «Улуттук маданият, илим жана дин» долбоорунун алкагында 100дөн ашуун аялдардын катышуусунда семинар өтүүдө. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Семинарга Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Ноокат районунун башкы имам хатиби Маматкасым ажы Турдубаев, “Ыйман” фондунун түштүк аймактык координатору Айбек Султан уулу, облустук казыяттын  аялдар менен иш алып баруу адиси Жамила Жапашова катышууда.

Семинарда алгач Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев “Үй-бүлө куруунун маңызы жана максаты (аялдын ролу)” аталышында лекция окуп, ар бир ата-эненин бойго жеткен уул-кызды турмушка даярдоодогу жоопкерчилиги менен милдеттерин эскертти. Мындан сырткары коомго үлгүлүү жаштарды тарбиялап өстүрүп кошууда үй-бүлөдөгү аялдын орду боюнча төмөнкулөгө токтолду. ““Ислам дининде аялдардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу ордуна чоң маани берилет. Анткени балдарды тарбиялап өстүрүү, үй-бүлөнүн кутун сактоо аял-эненин милдети. Генийлерди да эне тарбиялайт. Бекеринен “Бейиш эненин таманынын астында”,- деп айтылган эмес. Бул энелерге болгон өтө чоң сый-урмат. Акыркы жылдары мусулман өлкөлөрүнүн аялдары бир гана үй-бүлөлүк турмуш менен чектелип калбастан, өздөрүн илим, билим, медицина, дүйнөдө тынчтыкты сактоо иштеринде да үлгү катары көрсөтүшүүдө” .

Семинардын жүрүшүндө жалпы катышуучулар дүйнөдөгү коркунучка айланган радикализм жана экстремизм маселелерине каршы туруп, жаштардын ар түрдүү терс көрүнүштөргө кабылуусунун алдын алуу боюнча  биргелешип иш алып баруу иш-чараларын талкуулашты.

Эскерте кетсек, аталган жолгушуу башка райондордо улантылат.

Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: