Menu

Тинтүүдөн кийин кармалган крымдык татарлар терроризмге айыпталышты

Бөлүшүү:

Тинтүүдөн кийин кармалган беш крымдык татарга карата террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу айыбы тагылды.

Жактоочу Эмил Курбедиевдин “Крым.Реалии” сайтына билдиришинче, Орусия ФСБсы тинтүү иштерин Меккедеги ажылыктан кайтып келген крымдык татарлардын үйлөрүндө жүргүзгөн. Ал аннекцияланган жарым аралдын бийлиги аларды Орусияда террордук деп саналган «Хизб-ут Тахрир» уюмунун ишмердүүлүгүнө катышууга айыптоо ниетинде деп эсептейт.

Крым 2014-жылы аннекциялангандан кийин жарым аралда крымдык татар активисттери менен Межлис мүчөлөрүнүн үйлөрүндө жапырт тинтүү жүргүзүлгөн. Украинанын Тышкы иштер министрлиги басылып алынган аймактагы өз жарандарынын куугунтукталышын айыптаган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: