Menu

Трамп сексуалдык ыдык боюнча айыптоолорду четке какты

Бөлүшүү:

Республикачылар партиясынан АКШ президенттигине талапкер  Дональд Трамп бир нече аялдын сексуалдык ыдык көргөнүн четке кагып, билдирүүлөр туура эмес экенин айтты.

Флоридада шайлоо алындагы митингде сөз сүйлөп жатып Трамп дооматтар сандырак жана күлкү келерлик экенин, чындыкка коошпой турганын билдирди. Анын айтымында, жалааларды ашкерелей турган далилдери бар жана жакын арада аларды тийиштүү деңгээлде ачыкка чыгарат.

Бейшембиде The New York Times басылмасы АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамтан бир кезде сексуалдык ыдык көргөн эки аялдын маегин басып чыккан.

Ньюйорктук Жессика Лидс мындан отуз жыл илгери учакта катар отуруп баратканда Трамп анын көкүрөгүн кармалап, этегине асылганын баяндаган.

Огайолук Рейчел Крукс аттуу дагы бир айым республикачы талапкер 2005-жылы Нью-Йорктогу Трамп мунаралары (Trump Towers) имаратынын лифтинде эркинен тыш эрдинен өпкөнүн айтат.

Доо койгондордун баары сексуалдык ыдык көрсөтүүлөр боюнча убагында укук коргоо органдарына кайрылышкан эмес.

Өткөн жумада эле Трамптын аялдар жөнүндө орунсуз сүйлөп жана айрым эркектаналык жоруктарын мактанып жатканы тартылган видео көрсөтүлгөн.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: