Menu

УКМК: Пара талап кылып кармалган кызматкер ишинен бошотулду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өздүк коопсуздук кызматы (ӨКК) улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери Н.у.С.га карата жүргүзгөн кызматтык иликтөөнү аяктады.

Ички иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 2020-жылдын 4-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын алдындагы Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) кызматкерлери УКМКнын ӨКК менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси боюнча «Пара талап кылуу» боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын кызматкери Н.у.С кармалды.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында УКМКнын кызматкери Н.у.С. беделин түшүргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынан бошотулган.

Учурда, аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштү КРнын алдындагы ЭККМКнын тергөө органдары жүргүзүүдө.

Бул кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, УКМК жана ЭККМК жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: