Menu

Садыр Жапаров, экс-депутат: «Жакында Кумтөрдө катастрофа болот»

Бөлүшүү:

Гезитибиздин өткөн санында экс-депутат Садыр Жапаровдун кыскача маалыматы чыккан эле. Бул санда ошол маалыматтын толук версиясын берүүдөбүз. Жарага айланган Кумтөр маселеси жана референдум боюнча экс-депутаттын пикири менен ой-бөлүшүңүздөр.

– Кумтөр боюнча эң көп маалымат билген сиз эле экенсиз. Эмне үчүн бийлик сиздин айткандарыңызды аңдап алгылыктуу иш алып барбай жатат?

– Түздөн-түз эле айтайын, бийликтегилердин баары сатылышкан. Башчыбыз баш, башкасы төш болуп кызыкчылыктары бар экенин изилдеп чыктым. Бирөөсү доля алып турса, бирөөсү ар кандай керектелүүчү товарларды жеткирип турат экен. Дагы бирөөсү ал жактан чыгып турган экинчи сырьёну ташып кетип турат экен. Дагы бирөөсү акционер экен. Кыскасы, колунда чоң бийлиги бар чиновниктердин баары куру жалак калган эмес экен. Ушунун баарын ачып, парламентке алып чыга коём деп Ак үйдүн душманы болуп олтурам. Ошондуктан элибизде айтылгандай “Ишенген кожом сен болсоң, алды-артыңдан тал карма” дегендей, 90 баланын жана Ош коогалаңындагы 500 жараныбыздын каны менен келген бийлик ушуну жасап жаткандан кийин азырынча алгылыктуу иш күтпөй эле койсок болот. Качан гана бул бийлик түп тамырынан бери алмашканда гана алгылыктуу иш болот деп күтсөк болот. Ага чейин үмүт кылбай эле койгула.

– Өткөндө Кумтөрдө катастрофа болот деген элеңиз, Кумтөрдө болуп жаткан саясат өзү катастрофа эмеспи?

–  2012-жылы парламентке отчет менен чыкканымда катастрофага жакындап калган экен, тез арада алдын албасак болбойт, чоң жоготууларга учурайбыз деп какшагам. Ошондо Эркингүл Иманкожоева деген коллегам мени калпычы кылып, баары нормада эле турат, Жапаров калп айтып атат деп чыккан. Арадан бир жылга жетпей, 2013-жылдын май айында мына бул катастрофа болгон. Тоо көчүп келип, офис, жатакана, гараж жана башка бүтүндөй инфраструктураны талкалап, баарын эч нерсеге жаратпай басып калган. Бул инфраструктураны салыш үчүн 60 миллион долларыбыз корогон. Жаңы инфраструктура куруш үчүн дагы ушунча каражат кетти. Демек, 120 миллион долларга чыгым кылышты дегенди билдирет. Ал эми жакында катастрофа болот дегеним, мына бул спутниктен тартылган сүрөттү караңыздар. Бул Кумтөрдүн жогору жагында жайгашкан Петров көлү. Азыр ушул көл жарылып кетүү коркунучуна келип такалды. Бул көл Кудай берген табият көлү, жээги (стенасы) муздан турат. 25 жылдан бери жардыруу жана ар кандай чаңдуу иштерден улам үстүнө чаң түшө берип, стенасы эрип, абдан жукарып кетиптир. Бул жарылса ылдый жагында жайгашкан хвостохранилищени жууп барып, түз эле Нарын дарыясына куят. Бул хвостохранилищенин аянты 360 гектар жерди ээлейт, тереңдиги 35 метр, 200 миллион тоннага жакын цианид калдыгы жатат. Мына ошондо көргүлүктү көрөбүз. Эгер азыртадан дагы кеч боло электе кыргыздар өзүбүз камын көрбөсөк, эртедир-кечтир дүйнөлүк масштабдагы катастрофага күбө болобуз. Нарын, Сыр дарья, Арал деңизине чейинки суу колдонуучулар суусуз калат. Бул 10 миллион адамдын тегереги болот. Кыргызстан үчүн чооң жоготуу болот. Мамлекет жооп беребиз. Анткени, чет элдик ишкер эч жооп бербейт. Бир чемоданын көтөрүп алып, качып кетет. Буга чейин үчөө качып кетти. Эч нерсе кыла алышкан жок бийликтегилер. Себеби, көз каранды. Менин чырылдаганым, алтын түгөнүп, тигилер кетип калса, бизге кыйын болот. Анткени, биздин бюджет, ал көлдү сактап турушка алы жетпейт. Эбегейсиз зор чыгым кетет. Ошондуктан алтын түгөнө электе, алтындын күчү менен гана сактап калуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Муну жалпы эл билиш керек. Кийин мурда эмне айткан жок элең дегендер чыкпаш керек.

– Эмне үчүн бийликтин көпчүлүк өкүлдөрү жана элдин жарымы Кумтөрдүн мамлекетке өтүшүнө каршы?

– Мен жогоруда айтпадымбы, бийлик өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн кызыкчылыгы бар деп, ошол үчүн алар элге өтүшүнө каршы. Ал эми эл арасынан бир дагы адамды чын жүрөгүнөн каршы чыгып атканын уккан жокмун. Анча-мынча бийликке жагалданган дүжүрлөрдөн башка.

– Кыргыз Кумтөрсүз жашай алабы?

– Негизи Кыргыз элин бир эле Кумтөр багып коймок. Бюджетибизге жылда бир миллиард доллардын тегерегинде акча чогултабыз. Кумтөр болсо анын 10 пайызына жетпеген салык төгөт. Ал эми сыртка болсо Кумтөрдүн бир миллиард доллардын алтынын алып кетип атышат. Эгер жаап салсак Кумтөрсүз деле жашап кетсек болот. Бирок жаап салышка кеч болуп калган экен. 10-15 жыл мурда болсо болмок. Азыр болсо бийлик башы ыйманга келип, напсисин тыйып, кеч боло электе өзүбүзгө алып иштетсе элге, мамлекетке пайда болмок.

– Кумтөрдөн агылып чыккан уулуу заттар маселесин көп жолу айткансыз айтып дагы жатасыз бийлик төбөлдөрүнө жетиш үчүн эмне кылуу керек? Себеби бул маселеге кош көңүл кылышкандай?

–  Ооба, көп эле жолу айттым. Бирок угушпады. Тетирисинче мени КТРК, ЭЛТР, 5-канал, НТС жана башка бийликке караштуу ММКлардан эл душманы катары көрсөтүштү. Мына бул сүрөттү караңыздар. Цианид аралашкан суу Нарын суусуна тынымсыз куюлуп жатат. Бир көңүл бурган киши жок. Бүгүнкү күндө нарындыктар цианид аралашкан суу ичип атышат. Муну 2013-жылы эл цианид ичип атканын мамлекеттик кызматкерлер, врачтар, санэпидемстанция өздөрү тастыктап беришкен. Бирок бийлик башы өзү калкалап аткандан кийин мамлекеттик кызматкерлер, нарындыктар бүгүнкү күнгө чейин “Кулда кулак жок” болуп олтурушат.

– Чынгышев Турсунбек убагында тараза жок деп шылтоо кылып далай алтындын эсебин жок кылган, ошол алтындардын тагдыры эмне болду?

– Анын баарын тергөө тобу түзүлүп изилдеп чыкпаса, мен айта албайм. 2012-жылы отчёт менен чыкканда тергөө тобун түзүп бергиле деген дагы сунушту киргизгем, бирок колдоо тапкан эмесмин.

– Күзүндө референдум болот, баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет, парламент тарайт” деген сөздөр болуп жатпайбы. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи. Чындап эле Башмыйзамга өзгөртүүлөр киргизиле турган болсо, кандай өзгөртүүлөр болуш керек? Жаңы Башмыйзам элге пайдасы бар болоруна көзүңүз жетеби?

– Эгер азыркы бийлик Башмыйзамга өзгөртүү киргизе турган болсо, анда он чакты кишинин кызыкчылыгына иштеген, мамлекетти акырына чейин талкалап бүтүрө турган Башмыйзам болот. Элге эч пайдасы тийбейт. Он чакты киши дегеним, президент, премьер-министр, спикер жана башка 7-8 чиновниктин кызыкчылыктары үчүн өзгөртүлүп жатат. Себеби, эмки жылы президенттик шайлоо болот. Ошого чейин бийлик бутактарын бөлүштүрүп, ар ким өз ордуларын аныктап, шайлоодон кийин ар кимиси даярдап алышкан орундарына “лып” этип барып, олтуруп калабыз деп камданып жатышат.

– Элдин пайдасына иштей турган Башмыйзам кандай болуш керек эле? Сиздин оюңуз боюнча кандай өзгөртүү киргизиш керек? Жеке сунушуңуз барбы?

– Жеке сунушум бар. Төрт жылдан бери айтып келе жатам. Былтыр парламенттик шайлоо алдында “Мекенчил” партиясынын программасы катарында да сунуштаганбыз. Бирок, ар кандай тоскоолдуктардан улам шайлоого катыша алган эмеспиз. Эгер чындап эле жалпы мамлекеттин кызыкчылыгына иштей турган Башмыйзам болсун десек, эң аз дегенде 100 жыл өзгөргүс жаңы Башмыйзам кабыл алышыбыз керек. Ошону менен бирге эле элүү жылга чейинки мамлекеттик программа кабыл алынышы зарыл. Бул деген сөз ким президент болуп келбесин же кандай парламент шайланбасын, баш аламан болбостон, кабыл алынган программанын негизинде мамлекеттин иши улана берет.

Башмыйзам кайсы бир өлкөнү туурап эмес, өзүбүздүн менталитетибизге ылайык мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштей турган Башмыйзам болуш керек. Бир нерсе болсо эле баланча өнүккөн өлкөнүкү мындай экен, тиги өнүккөн өлкөнүкү тигиндей экен деп көчүрүп ала беришет. Ал өнүккөн өлкөлөрдүн эли менен биздин элибиздин менталитетин, каада-салтын, жашоо шарттарын таптакыр салыштырып болбойт да. Кандай гана иш кылбайлы, биздин өзүбүздүн каада-салтыбызга, жашоо шартыбызга, өз элибиздин абалына жараша иш кылышыбыз керек. Качан гана элдин жашоо шарты жогорку деңгээлге жеткенден кийин анан кайсы бир өнүккөн өлкөлөргө салыштырып, парламенттик башкаруу деп теңдеше алсак болот. Албетте, өнүккөн өлкөлөрдүн да жакшы жактарын сөзсүз алып, жаман жактарынан качышыбыз керек.

Эми башкаруу системасы боюнча сунушумду кыскача айтайын.

Жаңы Башмыйзамдын долбоору боюнча президент өкмөттү өзү башкарышы керек. Премьер-министр деген кызмат жоюлуп, парламент бир мандаттуу округдардан шайланып келиш керек. Талапкерлерди партиялар жылдырса да болот. Ошондо ар бир райондун өзүнүн өкүлү депутат болуп келет. Ошол райондун элинин көйгөйүн бийликке жеткирип турат. Жыл сайын президент менен парламент жалпы элдин алдында жылдык отчетторун берет. Жылына бир жолу баардык аймактардан эки миңден кем эмес адам курултайга чогулуп, отчет алып турушат. Отчеттор толугу менен түз эфирден жалпы журтка көрсөтүлүп турат. Отчетторун алгандан кийин, канааттандырарлыкпы же жокпу деген гана добуш берип, тарап кетип турушат. Добуштун жыйынтыгына жараша президент менен парламенттин тагдыры чечилет. Канааттандырарлык эмес деген добуш алышса, экөө тең отставкага кетишет. Жаңы президент, жаңы парламент шайланат. Буга чейинки Башмыйзамдардагыдай ит болсо да эптеп чыдайлы, мөөнөтү бүткөндө кетээр деп олтура бербейбиз. Балким, эки жылдан кийин эле эл курултай аркылуу айдап түшөт да башкадан шайлоо болот. Анткени, мамлекеттин, элдин тагдыры оюнчук эмес да. Беш-алты жыл мөөнөтү бүткүчө деп күткүдөй. Убакыт күтпөйт тура.

Мына ушундай система түзгөнүбүздө гана ар жыл сайын элдин колунда бийликти зыкылдатып иштетип турган инструмент пайда болот. Президент кетсин, парламент кетсин деп эч ким митинг кылбай калышат. Элдин колунда курултайга чогулуп, президенттин, парламенттин тагдырын калемдин башы менен эле чечип койчу мүмкүнчүлүктөрү пайда болот. Мына накта элдик бийлик деген ушул система. Азыр болсо беш жылда бир жолу шайлоодо гана элге бийлик тийет. Ошондо да алдамчылар элди алдап, сатып алчусун сатып алышып, бийликке келгенден кийин беш жыл бою бир дагы жолу отчет бербестен ичип-жеп, талап-тоноп кетип жатышпайбы. Буга чейин бир дагы президент же парламент эл алдында жылдык отчет бергенин көрдүңүздөрбү? Албетте жок. Журналисттерди чогултуп алып, беш өрдөктөрүн учуруп коюшат. Эч жоопкерчиликтери жок.

Мамлекеттин, элдин канчалаган кызыкчылыгы сатылып кетти. Ошентип бул система мамлекетке эбегейсиз зор зыян келтирди жана келтирип жатат. Мындан ары деле ушул система иштеп турса, мындай көрүнүштөр улана берет. Эч ким токтото албайт. Жаңы Башмыйзам жана өзүбүздүн элибиздин менталитетине ыңгайлуу келген жаңы башкаруу системасын орнотсок гана токтото алат.

Элибиз да даяр эмес дегеним. Депутат болсо эле жолубузду оңдоп бериш керек, мектеп салып бериш керек, көпүрө салып бериш керек, кыскасы райондо болгон иштин баарын депутат жасап бериш керек деп түшүнүшөт. Бул депутаттын иши эмес. Бул өкмөттүн иши. Депутат мыйзам жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөп, элдин ошол көйгөйүн бийликке жеткирип туруш керек. Анан эң негизгиси парламентте элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы каралганда кнопкасын сатпаш керек. Мына ушул депутаттын иши. Эгер, шайлоочулары көпүрө салып бер, жол оңдоп бер, тигини сатып бер деп кыйнай беришсе, анда депутат мамлекеттен уурдаш керек же кнопкасын сатып, анан элдин талабын аткарып бериш керек. Болбосо депутатта айлыгы менен микрофонунан башка эч нерсеси жок. Ошон үчүн шайлоочуларына авторитеттүү болоюн дешип, депутаттар жанагинтип кнопкаларын сатып, андан чөнтөгүнө түшкөн пайданын он пайызы менен шайлоочуларынын талабын аткарып коюшса, андан өткөн жакшы депутат жок. Парламентке барып алып, ошол эле шайлоочулары менен мамлекеттин кызыкчылыгын миң эсе жогорку баада сатып жибергенин элдер билишпейт. Мына ушинтип бүгүнкү система менен мамлекетибиздин кендири кесилип жатпайбы.

– Бул өзгөрүүнүн баарын ким жасаш керек эле? Президентпи, парламентпи же өкмөтпү? Абдан орчундуу, эбегейсиз зор өзгөрүүлөрдү сунуштап жаткан экенсиз. Мамлекетибизге оор келип калбайбы? Эгемендүүлүк алганыбыздан бери ушул система менен башкарып келе жатышпайбы, башкаруучуларыбыз бүгүнкү системага көнүп калышкан дегендей…

– Бул өзгөрүүлөрдү белди бекем бууп туруп, президент өзү колго алыш керек эле. Тилекке каршы, ушак териштирип жүрүп эле беш жылын өткөрүп жиберди. Эмнеге бүгүнкү башкаруу системасы башчыларга жагат? Анткени, бүгүнкү система – ууруларга, коррупционерлерге ыңгайлуу система. Ичип-жеп алып кете беришет. Эч жоопкерчилик жок.

Биз сунуштап жаткан система бул чоң өзгөрүү. Мамлекетти башкаруу системасын пайдубалынан бери жаңыдан куруу системасы. Сөзсүз жасаган кишиге кыйынчылыктар болбой койбойт. Бирок, кимдир бирөө акыры жасаш керек да. Мамлекетибизге оорчулук келбейт. Тескерисинче бул система менен мамлекетибиз дүркүрөп өнүгүп-өсүп кетээрине көзүм жетет. Анча-мынча жумушсуз калган мамлекеттик кызматкерлер болот. Себеби, бири-бирин кайталаган миңдеген кызматтардын көбү жоюлат. Бирок, кызматынан бош калгандарды жана башка бош жүргөн жарандарыбызды дагы коомчулукка пайдасы тийе турган башка жумуш орундары менен камсыз кылсак болот.

Назира Кулболдиева

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: