Menu

Улуттук компьютердик гимназияда окумуштуу А.Молдокуловдун бюстун ачуу иш-чарасы өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-октябрда Улуттук компьютердик  гимназияда ушул мектепте окуган белгилүү окумуштуу, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, экономика илимдеринин доктору, көрүнүктүү коомдук ишмер Айдаркан Молдокуловдун бюстун ачуу иш-чарасы болду. Ага  КР УИАнын президенти, академик Абдыганы Эркебаев жана башка белгилүү инсандар, илимпоздор, ушул мектептен билим алган окуучулар катышты. Бул тууралуу КР УИА маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Иш-чарада катышкандар белгилүү окумуштуу Айдаркан Молдокуловдун (1930-1986-ж.) өмүр жолу жана жетишкендиктери, ар тараптуу инсан болгондугу, анын Кыргызстанда экономика илиминин түптөлүшүнө кошкон салымы, ал эмес көркөм адабиятка кызыгып ыр жана сатира жазгандыгы жөнүндө да айта кетишти.

Эстеликти КР УИАнын президенти А.Эркебаев жана Айдаркан Молдокуловдун уулу Сабыр Молдокулов ачышты.

“Айдаркан агай экономика боюнча илимий мектеп ачкан, өзүнүн сунуштарын өкмөткө берип, аны иш жүзүнө ашырган. Мына ушул жерде турган окуучуларга айтаарым – Айдаркан Молдокулов сыяктуу өзүнүн эмес, өзүнүн айлынын эмес  кыргыз элин тааныткан, кызмат кылган өнөрлүү инсандардан болгула” – деди куттуктоо сөзүндө академик А.Эркебаев.

Эстеликтин ачылышы мектептин 90 жылдыгына жана А.Молдокуловдун көзү өткөнүнө 30 жыл болгондугуна арналган.

Маалымат үчүн:

А.Молдокулов 1930-жылдын 1-майында, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Эпкин айылында төрөлгөн. 1951-жылы Ташкенттеги финансы институтун артыкчылык менен аяктаган соң бир нече жылдар бою республиканын финансы органдарында иштеген. Ал эми КР илимдер академиясына 1955-жылы келип, экономика институтунда окумуштуу катчылыктан вице-президенттикке чейинки кызматта иштеген.

Ал Кыргыз Республикасынын экономика илимдеринин жана экономиканын өнүгүүсүнүн башында турган. Бул экономика институтунун телчигип бутуна туруу, изилдөөнүн негизги багыттары аныкталып жаткан учур эле.

120 ашык эмгектен 6 монография жазган.  Эмгектери Москва, Новосибирск, Киев, Ташкент, Душанбе жана башка шаарларда жарык көргөн. 20 ашык илимдин докторлору менен кандидаттарын даярдаган. Көптөгөн шакирттери мамлекеттик структурада, жождордо жана республиканын бараандуу мекемелеринде иштешет.
Илимге жана коомчулук алдында сиңирген эмгеги үчүн КРнын өкмөтүнүн ардак грамоталары, медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун грамотасы менен сыйланып, Токтогул сыйлыгынын лауреаты наамын алган.

Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрү жана эки мектептин аты А. Молдокуловдун наамына аталган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: