Menu

Бакыт Бакетаев, саясый серепчи: “Референдум деген сөз чылым чегүү ден соолукка зыян дегендей эле болуп калды”

Бөлүшүү:

Ар бир саясый окуяга оригиналдуу баасын берип,  көпчүлүк учурда менин анализим туура чыгат деген саясый серепчи Бакыт Бакетаев менен Кыргызстандагы саясый кырдаалдар тууралуу баарлаштык. 

– Бакыт мырза, Атамбаевдин ооруганына шек санагандар Түркиянын айрым басылмалары  жазып чыккан маалыматка таянып, Эрдоган  анын сунушун кабыл албай койгонунан улам  ошол замат оорумуш болуп калганын жазып чыгышты.  Президент Атамбаев түрк басылмалары жазгандай калп эле оорумуш болуп калдыбы же ага өчөшүп калгандар ошондой маалымат таркатып жатышабы?

– Атамбаев антип анткорлонуп, калп эле оорумуш болуп калбайт. Ооруган үчүн бараткан сапарын токтотуп, Түркияда калууга аргасыз болду. Менимче, президентке капа болуп, ичинен кек сактап калгандар анын ооруп калганынан да саясат издеп жатышат. Болбосо, кыргыздар эч качан ооруп жаткан киши тууралуу жаман сөз айтпайт, башкача айтканда, оорулууну табалабайт.

– Түрк басылмалары эмне себептен оорумуш болуп калды деген маалымат таркатып жатышат?

– Мүмкүн  Эрдоган Алмаз Шаршеновичке болгон таарынычынан ушундай маалыматтарды чыгартып жаткандыр. Балким, бул ыкманы ал биздин президентти  жазалоо үчүн колдонуп жаткандыр.

– Жылдыз Жолдошева 2017-жылкы бийликке Убактылуу Өкмөттүн бир да мүчөсү келбеши керек деген демилге көтөрүп жатат. Кандай комментарий бересиз?

– Антип  бири-бирибизди чанганыбыз  болбойт. Булар катачылыктарды кетиргени менен жакшы да иштерди жасашты. Мамлекеттүүлүктү сактап кала алышты. Тажрыйбалуу экенин көрсөтүштү. Биз буларды чанып, саясатка, бийлик бутактарына  аралашканга акың жок дегенден мурун тажрыйбасын колдонушубуз керек. Туура, Убактылуу Өкмөттүн да былыктары чыгып, бири-бирин чукуп жатышат, бирок андан кооптонуп коомдон сүрүп чыгарбашыбыз  керек. Анткени, бири-бирин көзөмөлдөп, бири-бирин чукуганда гана  чындык чыгат. Башкача айтканда, Атамбаев менен Текебаевдин аракетинен сабак алышыбыз керек. Булар тирешкени менен болгон чындыкты ачыкка чыгарып,  катачылыктарын айтып жатышат. Эгер өкмөт да, депутат да бири-бирин дал ушинтип аңдып, катачылыктарын айтып турса, коомубуз, мамлекетибиз тез өнүгүп, коррупция азаймак.

– Бийликтегилер Конституциянын алмашышына каршы болгон тарапты “саясый кызыкчылык үчүн ушул кадамга барып жатышат” дейт. Оппозиция болсо Конституцияны өзгөртпөй калуунун жолун издеп, авторитардык бийлик орногону жатат дешет. Сиздин оюңузча кайсыл тараптын көтөргөн демилгеси мамлекет үчүн пайдалуу?

– Конституциянын атасы деп жаткан Текебаев да “дүйнөдө идеалдуу эч нерсе жок” деп “Конституция өзгөрбөй коё албайт.  Бирок азыр эмес, анын убактысы келгенде өзгөртүш керек”  деди. Анын убактысы, сааты качан келгенин ким билет. Даанышмандар убакыт бычак. Убактысы келгенде сен убакытты кеспесең убакыт сени кесет дешет. Ошон үчүн Конституцияны  заманга ылайыкташтырып өзгөртүп турганыбыз мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Аны өзгөртпөсөк,  замандан артта калып, өнүкпөгөн мамлекеттердин катарын толуктап калабыз. Кыскасы, Конституцияны өзгөртүүдөн коркпошубуз керек.

– Конституцияны убакты-сааты келди деп каалаган маалда өзгөртө берсек кызматка кирип жатып ант берген ыйыктыгы кайда калат?

– Конституция өзгөрсө эле ыйыктыгын жоготуп койбойт. Биз Конституциянын өзгөрүшүн трагедия кылбашыбыз керек. Жогоруда айткандай, заманга жараша өзгөртүп турушубуз керек. Сөзүм куру болбош үчүн мисал келтирейин. 10 жыл мурун уюлдук телефонго жеткендер жетип, жетпегендер көп болчу. Азыр уюлдук телефондун түрү чыгып, бир кишиде бир эмес үч  уюлдук телефон да болуп калды. 10 жыл мурун интернет азыркыдай эмес эле. Коом да башкача эле. 10 жыл мурун Батыш менен Россиянын да саясый мамилеси азыркыдай эмес болчу. 10 жыл мурун Крым украинага карачу. 10 жыл мурун ЕККУ Кыргызстанга азыркыдай мамиле жасачу эмес. Биз өзгөрүүдөн коркпой доор алмашып жатканын,  21-кылым келгенин түшүнүп,   жаңы көз караштарды туура кабыл алышыбыз керек.

– Айтканыңызга ынаналы, бирок  оппозиция “Референдумга жол жок” деген кыймыл уюштуруп, курултай өткөрүп, резолюцияларды кабыл алып, референдумдун өтүшүнө каршылыктарын билдирип жатышат. Референдум деген өзү эмне?

– Акыркы мезгилде референдум деген сөз жаман мааниге ээ болуп, чылым тартуу ден соолукка зыян деген сөз менен барабар болуп калды. Себеби, бир эмес сегиз жолу референдум аркылуу Конституция өзгөрдү. Азыркы боло турган референдумга да мурда болуп өткөн 8 референдумдун көлөкөсү тийип, референдум десе дагы эмне болуп кетет деп чочулап, кооптонуп  жатышат.

Айтты-койду дээрсиңер, азыр референдум аркылуу Конституцияны өзгөртүүгө каршы болуп жатышкандар  эки жылдан кийин Конституцияны  өзгөртүшөт. Себеби, замандын талабы ошондой болуп калат.

– Атамбаев менен Текебаевдин тиреши ого бетер күчөдү. Медеткан Шеримкулов аларды ынтымакка келгиле деп карыялык сөзүн айтты. Эми экөөсү андан майнап чыгарып элдешеби?

– Медеткан Шеримкулов туура эмес айтты. Айтайын дегеним, экөө тирешип, бири-бири менен касташып чындыкты издеп жатканда аларга  тоскоолдук кылып, элдешкиле дебешибиз керек. Тескерисинче, чындыкты табышын күтүшүбүз керек.

Ынтымакка келип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып ажыдаарга окшоп калганда чындык чыкпайт. Чындык бири-бирин чукуганда чыгат. Лидерлер кыргыздын  маданиятын, тилин, салт-санаасын сактоодо  бир болуп, саясатта эки башка позицияда болушу керек. Анткени,  саясатта  бир болсо, анда диктатуралык мамлекеттерге окшоп калабыз. Ошон үчүн бири президент , бири бир партиянын лидери экенине карабай тирешип жаткан Атамбаевге да, Текебаевге да ыракмат айтышыбыз керек. Булар тирешкени менен жаман-жакшы иштериң эртеби-кечпи чыгып калат деп элди коррупциядан алыс болууга чакырып жатышат.

– Атамбаев резиденциядагы сыйлык берүү аземинде элди кечиримдүүлүккө чакырды. Ал сөздүн артында Текебаевди кечирдим деген ой айтылган жокпу?

– Саясатта ачуу сөздөр айтылса да адамдык сапаттан тайбаш керек. Кармашканда кармашып, керектүү жерде кечиришип, ал тургай  жамандык-жакшылыкта катташып туруш керек.

– Президент кокустан кызматтан кетип калсам деген ой менен элдин ыраазычылыгын  алайын деген максатта 250 кишиге сыйлык берди деп жатышат го…

– Антип ойлогондор жаңылышат. Атамбаев алар ойлогондой эч качан мөөнөтүнөн мурун кызматынан кетпейт. Мөөнөтүнүн акырына чейин иштейт.

 – Оппозициянын курамын жалаң  бийликке таарынган адамдар түзөбү? 

– Оппозициянын курамын бийликке жетпей калгандар түзсө да, мен аларды бийликти сындап, бийликке умтулганы аракети үчүн жаман көрө албайм. Оппозиция канчалык күчтүү болсо, бийликтин катачылыгын көзгө сайып көрсөтүп турганы оппозиция үчүн эле эмес, мамлекет үчүн да пайдалуу болот. Мына ошондой сындарды айтып, оңдоого аргасыз кылганда гана өнүгөбүз. Ошон үчүн  бийликке илинбей калгандар оппозициянын курамына кирип умтулушу керек. Умтулуу болгондо гана  алдыга жылабыз.

 – Аскердик кампадан курал-жарактар уурдалып, алар кимдир бирөөлөрдүн жардамы менен сатылганы эмнеден кабар берет?

– Бул жагдай аскер тармагында дагы коррупция  көп экенинен кабар берет. Кыскасы, кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей бүгүн билбейт деп жасагандардын бардык иши ачыкка чыгат.

Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: