2016-жылдын 17-октябрында саат 10. 00до (Карагачева роща көчөсү 15те) КР Улуттук илимдер академиясынын П.А.Ган атындагы токой институтунда “Евразия токойлору – ТЯНЬ-ШАНДЫН БЕРМЕТИ” аталган жаш окумуштуулардын XVI Эл аралык конференциясынын ачылышы болот. Бул тууралуу КР УИА маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
16-22-октябрында КР УИА жана Москванын мамлекеттик токой университети жана КР УИАнын токой жана жаңгакчылык институту биргелешип, КР токой чарба министрлигинин колдоосу менен жаш окумуштуулардын “Азия токойлору” ХVI Эл аралык конференциясын өткөрөт. Бул жылы иш-чара “Евразия токойлору – ТЯНЬ-ШАНДЫН БЕРМЕТИ” деп аталып, Кыргызстанда токой илимин негиздөөчү, атактуу окумуштуу Петр Алексеевич Гандын туулгандыгынын 100 жылдыгына арналган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ