Өткөн саныбызда “Өзгөндөгү өзгөчө той” деген аталышта маалымат жарык көргөн. Анда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын Өзгөн районунун из кубарлары кесиптик майрамын белгилешип, жылкы, 5-6 кой союшуп аябай тойлошкону айтылган. Маалымат жарык көргөндөн кийин редакцияга жооп келиптир, анда бир эле кой союшуп майрамдашканы жазылган. Ал түгүл пресс-конференция да берип жиберишти, жазылган маалымат чындыкка коошпойт деген өңүттө. Бирок бир эле кой союшса, анда прокурорго тарткан уча кайдан чыкты деген суроо туулат. Мүмкүн эстеринен чыгып кеткендир. Бирок үйүнө уча көтөрүп кеткен прокурор унутпаса керек. Балким чындыктын бетин ачаар… Айткандай бул боюнча видео тасма да бар экен. Тандыра койбос… Кызыгы, тойлошконун жашырып эмне мынча акчыланышат? Кесиптик майрамын шылтоолоп көптөрдөн калың конверт алышканына чочулап жатышкандан сообу булар…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ