Menu

Өмүрбек Текебаев: “Атамбаевди актайм дегендер аксатууда”

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев дагы бир маалымат жыйынын өткөрүп, өзүнө жана маркум иниси Асылбек Текебаевге карата айтылган соңку айыптоолорго пикирин билдирди.

Отунбаеванын юбкасына жашынып…

Акыркы кезде президент тарабынан жасалган билдирүүлөр мени пресс-конференция аркылуу жооп берүүгө жана ал жерде айтылган маалыматтарга тактоо киргизүүгө аргасыз кылды. Президенттин аппараты Кадыржан Батыров менен Алмаз Атамбаевдин жападан жалгыз жолугушуусу  2010-жылы  Роза Отунбаеванын өтүнүчү менен болгон деген билдирүүсүн таратты. Бул билдирүүдө президенттин аппараты Атамбаев Батыров менен жолукканын  тастыктады.  Жолугушууда өзбек улутундагы жарандарды мамлекеттик кызматка тартуу   маселеси, парламенттик шайлоо тууралуу Кадыржан Батыров жетектеген “Ватан”  партиясы  шайлоого өзүнчө катышпастан тиги же бул партиянын курамында  катышыш керек деген сөз болгондугун айтышты. 2010-жылы  Форумдун имаратында  өзбек диаспораларынын лидерлери  келип жолугуп,  “Ватан” партиясы менен КСДП партиясы бирдиктүү шайлоого чогуу барат деп чечим чыгарат деп тастыктап жатат. Ошол кезде убактылуу өкмөттүн жигит мүчөлөрү  көп татаал маселелерде УӨнүн башчысы Роза Отунбаеванын юбкасына жашынып, Роза Исаковна жоопкерчиликти өзүнө алып келген.  Алмаз Атамбаев дагы ошол адатына салып “Кадыржан Батыров менен Отунбаеванын сунушу менен жолуктум” деп айтып атат.  Бул жалган. Роза Исаковна андай сунуш берген эмес.

Иним Асылбек жөнүндө 

КТРК менин иним Асылбек Текебаевди  Кадыржан Батыров өткөргөн митингде сүйлөп жаткан  сүрөтүн көргөздү, менимче президенттин аппараты дагы ошол сүрөттү айтып жатат.  Ал сүрөттүн тарыхын айтып берейин, ал апрель айында тартылган сүрөт.  Бир убакта убактылуу өкмөт Атамбаевдин түштүккө жашыруун учуп кеткендигин билбей калдык. Ал Баткенге, Ошко барып өзүнүн тарапкерлери менен жолуккан. Ошо жерде Жалал-Абадда да тынч болбой атат, мындан кийин барчу жерим Жалал-Абад деп айтып, жолугушууну жабат. Бирок кайсы бир себептер менен Жалал-Абадга кирбей, Бишкекке түз учуп кетет. Бул боюнча “Азаттыкта” сакталып калган материалдар бар. Мага ошол күндөрү иним телефон чалды: “Атамбаев түштүккө келиптир, Жалал-Абадга дагы келет экен”,- деп.  А биз анын Жалал-Абадга барарын билген эмеспиз.  Иниме кайра телефон чалып: “Сен кайдан уктуң?”- десем: “Кадыржан Батыровго айтыптыр. Мени тосуп ал, сенден  башка ишене турган күч жок, элиңди жыйна деп”,- деди. Ал өз университетинин короосуна элди жыйнап, Атамбаевди келет деп күтүп турган экен.  Мен: “Ал барса, жаңжал чыгып кетсе, жардам бере тургандай болгула. Балдарды алып барып, ар бир болгон нерсени  байкагыла”,- деп инимди жөнөткөм. Бул ошол Кадыржан Батыров  элин жыйнап турганда 18-19-апрелде тартылган сүрөт.  Атамбаев айтпай кетип калса, аны балким барымтага алып алышабы деп мен иниме айткам, “жанына барып карап тургула” деп.  Иним ошондо өз өмүрүн тобокелге салган. Бул биринчи жолу эмес болчу, президенттик шайлоодо дагы колдоо көргөзүп келген Атамбаевге. Эми ошол адамды  КТРК, ЭлТР, 5-каналынан  жамандап жатат.

Кызматтан кызмат тандаган Албек Ибраимов

Албек Ибраимовдун  “Акипресске” жазып берген “сочинениесине” көңүл буралы. Муну ал 2 жума ойлонду. Пиаршиктери менен, президенттин аппараты менен кеңешти. Алар болгон акылын салып жазып беришип, болду чыгара бер дегенде чыгарды. Президент үй салып жаткан жер боюнча мындай дептир: “Анарбек Укуев “мага ошол жерди сат” деп кайрылды. Мен кубанып кеттим. Анткени сатып  алуучу таппай, аны сата албай жүргөм. Ал жерден кантип кутулууну билбей, дайыма жарнама берип, сатып алуучу таппай жүргөнбүз” дейт. Андан кийинки саптарында: “Мен Алмаз Шаршеновичке кезиккеним үчүн тагдырга ыраазымын, ал менин бир тууган агамдай, өмүр бою мага жардам берип келатат. Мен ага жакшылык кылам деп, душмандардын бактысына, туура эмес кадамдарды кылдым окшойт”,- деп божураптыр.

Ошол эле дилбаянында ал кантип кызматтан кызмат тандаганын айтып берген. Мисалы, революциядан кийин “Бишкек” ЭЭАга директор болуп иштеп, алты айдан кийин Атамбаевге кириптир, “бул кызмат меники эмес экен” деп. Ошентип “Дастандын” башкы директору болуп дайындалды. Ал жерде Бакиевдер жасаган торпедаларды сатып ийгенден кийин “Дастандын” аймагына элиттик үй курууну пландаган эле. Ага парламент каршы чыккандан кийин “иш жок калдым” дейт. Андан чыгып президенттин аппаратынын жетекчисинин жардамчысы болуп келет да, бийликтин “Нарынга күнөскана курабыз” деген иш-планын билерман болуп жокко чыгарат. Өзү айткандай, 7-кабаттын интригасынан тажаганда  “Манас” аэропортунун президентинин оруну бош турган болот. Эми “ал жердин кирешесин көтөрдүм” дейт. Ал Ибраимовдун кыйын менеджер экенинен эмес, элди сааганынан тапкан акчалар. “Манастан” учкан ар бир адамдан аэропортко деп алынган 5  долларды 10 долларга көтөрүп койгондон түшкөн каражат.

Бегимай Бакашева

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: