Menu

Эрегиш эпкини: мунаса табылабы?

Бөлүшүү:

Өлкөдөгү эки саясий лидердин эрегишинен чыккан компроматтар согушу бул жумада дагы уланып, жаңы баскычка чыкты. Өзүнө карата айыптоолорго жооп берген Текебаев президент жана анын тегерегиндегилер тууралуу чуулгандуу жаңы фактылар бар экенин айтып теминүүдө. Бул арада жаатташкан эки тарапты ымалага келтирүү боюнча да сөз жүрө баштады.

Эрегишкен эки лидер: президент Алмазбек Атамбаев менен “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди ымала таап, ынтымакка келүүгө биринчи болуп “легендарлуу парламенттин” төрагасы Медеткан Шеримкулов аксакал чакырык таштады. Жума башында Жогорку Кеңеште өткөн «Референдум жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда сөз алган Шеримкулов эки таасирдүү саясатчынын тиреши өлкөгө эч кандай пайда алып келбесин айтты. Бирок тараптар азырынча бул аксакалдын кеңешин угуп, жыйынтык чыгарганы байкалбайт.

Президент Алмазбек Атамбаев Текебаевдин дооматтарына үн катпаганы менен шейшембиде өткөн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде кечиримдүү, кең пейил болууга чакырып, бири-бирин чукулоонун кесепети боюнча сөз кылды. Кимдир бирөөнүн аты аталбай, жалпы жонунан айтылган бул сөз канткен менен кимдерге багытталганын баары эле аңдай бербесе да кырдаалга абай салып тургандар илгиртпей түшүндү окшойт. А түгүл президенттин сөзүндө мунасага ыктаган маанай байкалып тургандай. Бул Атамбаев менен Текебаев жарашуусу ыктымалдыгы тууралуу кеп-сөздү да күчөттү.

Бирок Өмүрбек Текебаев журналисттерге азыр башкы саясий оппонентине айланган Атамбаев экөөнүн ортосундагы саясий чыңалууну басаңдатуу мүмкүн экенин, бирок мунаса табылбай турган маселелер да бардыгын айтып чыкты. Ал албетте, конституциялык реформага, президенттин Убактылуу өкмөттүн тарыхый миссиясына берген баасына байланыштуу маселелер. Текебаев ошондой эле президентти айланчыктаган айрым адамдар менен бийликчил маалымат каражаттары чыңалууну басаңдаткандын ордуна отко май чачып жатат деп эсептейт.

Ошол эле учурда президент өзү, же администрациясы Текебаевдин соңку айыптоолору боюнча үн катпай турат. Мындай тунжуроо Текебаевдин пайдасы үчүн иштөөдө. Анын үстүнө Өмүрбек Текебаев акыркы маалымат жыйынында колунда Алмазбек Атамбаев жана анын тегерегиндегилер тууралуу башка да чуулгандуу фактылар бар экенин, аны кийинки маалымат жыйынында айтып чыгарын кыйытты.

Ошентип конституциялык реформадан башталган талаш такыр башка нукка бурулуп, эки топтун эрегишине айланып кетти. Айрым серепчилер мындай учурда алгач президент тарап демилге көтөрүп, тил табышууга ишара кылса, мүмкүнчүлүк издесе, аны экинчи тарап деле четке какпастыгын айтууда. Бирок мындай демилге алгач кимден чыгарын жана ал кандай натыйжа алып келээрин азырынча боолгоп болбойт.

Шамил Эрболов

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: