Menu

Жумагүл Райымжан кызы: былтыркы шайлоодо тапкан акчама эки бөлмөлүү батир алдым

Бөлүшүү:

Жумагул, сахнада жүргөнүнө канча убакыт болду?

– Чоң сахнага 2013-жылы алгачкы жолу чыккам. Мына ошол жылдан бери сахнадан түшпөй элиме кызмат кылып келе жатам. Убакыт билинбей өтө бергендиктен, азыр эсептесем сахнада жүргөнүмө 15 жыл болуп кетиптир.

– Ашканада кандай кожокейкесиз?

– Ашканада өзүмдү мыктымын дебесем да, жакшы эле кожейкемин деп айта алам. Себеби, үй оокаттарын өзүм жасап, тамак жасоо менин милдетим деп билем.

– Отуздан ашып калдың. Турмушка чыгууга кыялыңдагы жигит чыкпай жатабы?

– Жеке жашоомду чыгармачылык менен аралаштыргым келбейт. Ар бир адамдын маңдайына жазылган буйрук нерсе убакыт-сааты менен ке-ет деп эсептейм. Балким, эми жолугаттыр…

– Шоу-бизнестеги ырчы кыздар менен түшкөн сүрөттөрүңдү социалдык баракчаңа жүктөп, баарын “курбум” деп жаза бересиң. Алардын арасында чыныгы досуң ким?

– Ооба, “курбум” деп жүктөйм. Мен баардыгын эле антип жүктөй бербейм. Саналууларын жана көңүлүмө жаккандарын гана дал ошентип жүктөйм. Бирок, менин шоу-бизнесте жана башка чөйрөдө жүргөн да курбуларым бар. Аларды мен чыныгы досторум деп билем.

– Анжкелика менен дуэт ырдап чыктың. Ким сунуштады? Же концертке эле ырдап коелу деп чечтиңирби?

– Анжелика менен чыгармачылык аркылуу таанышып, азыркы тапта жакын курбулардан болуп жүрөбүз. Анан концертиме конок болуп кетүүсүн өтүнсөм, “Концертиңе өзгөчөлүк киргизип дуэт ырдайлы” деп сунуштап калды. Мен каршылык көрсөткөн жокмун. Макулдугумду берип жаздырдык.

Былтыркы шайлоодо тапкан акчаңды эмнеге жумшадың?

– Үгүт иштеринде ар бир ырчы берекелүү акча табат деп айта алам. Мен дагы бир лидерди колдоп иштеп, жак шы акча таптым. Шайлоо бүткөн соң Ош шаарынан эки  бөлмөлүү батир алдым.

Акчаны кандай кармайсың?

– Абдан сарамжалдуумун деп айта албайм.  Бирок көпчүлүк учурда шартыма карай акчаны сарптайм. Акчам көп болсо, көптөй as болсо аздай жумшай‘

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: