Бүгүн, 6-октябрда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулар Бишкек СИЗО-1ден бошотулду. Алардын катарында президенттик администрациянын экс-башчысы Фарид Ниязов жана УКМКнын 9-кызматынын экс-кызматкери Канат Сагымбаев да бар. Көчөдөн аларды тарапташтары тосуп алышты.
Белгилей кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин санаалаштарынын ичинен борбор калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимов гана камакта калууда.
Буга чейин экс-премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев абактан боштулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ