Menu

Венгр антропологдору Кейки баатырдын келбетин калыбына келтирет

Бөлүшүү:

1916-жылы казактардын падышалык Орусияга каршы көтөрүлүшүн жетектегендердин бири Нурмагамбет Кокембай уулунун келбетин толугу менен калыбына келтирүүгө болот. Эл арасында Кейки баатыр деп аталып калган анын баш сөөгү ушул айдын башында Орусиядан Астанага алынып келинген.

Венгр антропологу Андраш Бироунун билдиришинче, кайра келбеттөө Кейки баатырдын сырткы келбетин 99 пайыз дааналыкта калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.

“Калыбына келтирүү иштери менен окумуштуу-реконструктор Агнеш Куштар алектенет. Биз томографтын жардамы менен анын келбетинин үч өлчөмдүү үлгүсүн кураштырууга аракет кылабыз. Алынган үлгү баатырдын тирүү кезиндеги келбетине окшош болот. Ошондой эле ДНК-анализ жүргүзүлөт, анткени анын артында тукуму калган болушу мүмкүн,” — деди Биро.

Будапешттеги Табигый илимдер музейинде Кейки баатырдын келбетин калыбына келтирүү үчүн сунушталып жаткан методика көрсөтүлөт. Андраш Биро венгр окумуштууларынын ишинин жыйынтыгы декабрда жарыяланышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: