Menu

Каптагаевдин “Капталы” эмнеге кычышып атат?

Бөлүшүү:

Айтып атабыз, деп атабыз, саясатта достук жок деп. Кызыкчылык күчтүү деп. Анан ич күйдүлүк да бар экенин унутпайлы. Билесиңер, өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын администрация башчысы Эмилбек Каптагаев эмес беле. Ага чейин Эмикеде эч кандай «саясий авторитет» жок болчу. Анан бактысына администрация тийип, төбөсү күнгө чагылышты го, чиркин. Мына ушул киши учурда Башмыйзамдын өзгөрүшүнө каршы чыгып, бийликти алынын жетишинче сындап олтурган кези. Эми сындаса сындасын, ичинде кызматсыз калган күйүтү бар да. Эгерде азыр бийликте болгонунда бир ооз үн ката албай олтурат эле. Андай мезгилдер да келип кеткенин эл унута элек. Кызматта кезинде аквариумдагы балыкчасынан аптыгып турчу. Эми болсо эбиреп атат, курулай көкүрөгүн койгулаганына ким ишенет? Баса, кезинде ажылык сапарды уюштуруу боюнча бир топ миллиондорду кымырып жибергендиги боюнча узун сабак кеп жүрүп, кийин дымып калган. Ажылыктан акча жасагандар үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы канчанчы орунда болду экен?

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: