14-ноябрда Бишкекте КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 30 жылдыгына арналган “Кыргызстандагы шайлоо комиссиясы – демократиялык өнүгүүнүн тажрыйбасы жана анын келечеги” аттуу конференция болуп өттү. Бул тууралуу Президент аппараты билдирди.
Президент аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев президенттин атынан конференция катышуучуларына саламын жолдоду, ошондой эле өлкөнүн шайлоо системасынын кээ бир ветерандарына белек-бечкек берди. Президенттин куттуктоо сөзү шайлоо системасынын бүт тараптан демократияга шайкеш келиши жөнүндө болду. Ийгиликтери менен кемчиликтерине токтолду. Шайлоо системасын улам жакшырта берүү керектиги айтылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ