Menu

Тимур Саралаев, “Жаңы Муун” коалициясынын төрагасы: “Профсоюздагы олигархтар менен күрөшөм”

Бөлүшүү:

– Тимур мырза, коомчулукту катуу ойго салган суроодон баштасак, эмнеге Кыргызстан профсоюздар федерациясында ушак жана ызы-чуулар көп?

– Улуу Орозо айында жаман-жакшы айтышкым келген жок эле. Өзгөчө Кыргызстан профсоюздар федерациясында иштеген адамдар менен. Алардын кетирген кемчиликтерин түшүнүп, кечирим сурап келишкендеринен кечиргем. Пендечилик ар бир адамда бар эмеспи. Бирок, эмнегедир ошол адамдар улуу Рамазан айында кайым-айтышты токтоткондун ордуна, ынтымакка келүүгө шарт түзүлүп турганын түшүнбөй, тескерисинче, баарын ырбатып, кайра далилсиз каралоо-жамандоо жолуна түшүп алышыптыр. Эми эки жүздүүлүктүн деле чеги болсо керек. Мен жана мени менен бир мезгилде иштешкен абройлуу, коомдо салмактуу орду бар жетекчи жөнүндө дагы далилсиз, жалган айтып, ушак таратып жүрүп калышыптыр. Ошол жердеги акылы бар, бирок, эси жок, ак сакалы бар, бирок, уяты жок адамдар дагы ушак ташып, токтоно алышпай, оңго-солго жамандап жүрүшөт. Мындайда, айла жок жооп узатканга туура келет экен. Коомчулук көйгөйлүү жагдайды туура түшүнүш үчүн өзүмдүн дагы оюмду ачык эле (сыпайы эмес) айтайын. Учурунда Кыргызстан профсоюздар федерациясынын мурунку төрагасы менен тыгыз иштешкем. Мактагандай болбоюн, бирок, аны калыстык үчүн айта турган мезгил келди. Мен дайым жакшыны-жакшы, жаманды-жаман деп жүрөм. Ал киши келечекти түшүнгөн, профсоюз уюмун кандай кылып, кайсыл багыт менен өнүктүрүш керек экенин обьективтүү түшүнчү. Анткени, ал башка өлкөлөрдүн профсоюздарынын ишмердүүлүгүн жана алардын деңгээлин ичинен көрүп, биздин дагы профсоюздар ошондой туруктуу, тайманбас, камкордуу, заманбап, ыкчамдуу жана ынтымактуу болуусун кыялданчы. Ошол ойлордун көбү болбосо да алар четинен ишке аша баштаган болчу. Тилекке каршы, былтыр эмгекчилердин акчасына көз арткан КПФын башкы эсепчиси кассага кол салып, акчаны уурдап кеткен. Бул кылмыш иши экс-төраганын жылдап чогулткан аброюн аштай төгүп сала жаздады. Калыстык бар экен, көз-карандысыз 2-3 иликтөөлөр жүрүп (ИИМ, прокуратуранын, каржы полициянын), А.Токтогуловтун ал ишке тиешеси эч кандай жок экенин толугу менен далилденген. Тескериче, мурунку башкы эсепчинин күнөөсү толук далилденип, ал соттон 10 жылга эркинен ажыратылып, учурда абакта отурат. КПФын экс-төрагасынын өз убактысында жанынан айланчыктап чыкпай, тегерегинен кетпей, сакалдарын саксайтып жүргөн “аксакалдар”, алыстан келип учурашкан адамдар артынан бычак сайып, сатып кетишти. Алардын дооматы “ичти-жеди, алды-жутту, бөлүштү-алышты” деген болду. Көрсө, ал доомат ордунан оодаруу үчүн жөн эле себеп болуптур.

Көпчүлүгү ак менен караны айырмалай алышпай, убактылуу нерселерге кызыгышып, “маданияттуу айдамалар” тыйын-тыпырга жана кызматтык орунга соодалашып-сатылышып, аксаган койлордой болуп, башкалардын артынан ээрчип кеткен иш бул “көксакалдар” менен аксакалдардын ишиби? Алар айткандай боло турган болсо, мурунку төрага мыйзам алдында толугу менен жооп берет эле, бирок, эч нерсе жок болсо дагы, токойдон адашып келген адамдын коштоочулары жумурткадан кыр издегенин токтотпой жатышат. Мындай иштерди жигиттер кылбайт! Бирок, профсоюздагы “аксакал” сөрөй адамдар кылат экен. Өз мезгилинде мурунку КПФын төрагасына деле бир топ сындуу ойлорду айтчымын. Ал кишинин азыркылардан артыкчылыгы, жетекчи катары сынды көтөрө алган. Анткени, андай сындар иштин кызыкчылыгы үчүн болчу. Көбү менен макул болгон, өзгөрүү керек экенин түшүнгөн, болгону тегерегиндеги адамдар бут тоскон үчүн убактысы тар болуп, үлгүрбөй калды. Акыры, тегерегиндегилердин көбү санаалаш, тилектеш эмес экенин түшүнүп, алар менен иштешүү мүмкүн эмес экенин билип, өз каалоосу менен арыз жазып, кетип калды. Өз каалоосу менен кеткен адамды дагы баалаш керек. Баары эле андай кадамга бара албайт. Андайга эрктүү, мырзалык сапаттарга ээ болгон адам барат. Кызматка жармашпай кеткен адамды дагы сыйлоо керек. Анткендин ордуна, кайра жанын койбой каралап, ар кайсыл кишилерге тиешеси бар деп баракчаларды профсоюздарда таратып, жамандап жүрүшөт. Ушундай иштерди туура эмес деп эсептейм.

– Ошондо, учурдагы профсоюздар федерациясынын жетекчилиги деле популисттик сындоо, доомат менен кызматка келген болсо, айткан убадаларын аткара алдыбы?

– “Адамды сөзүнөн тааныбайт — ишинен тааныйт” дейт эмеспи. Башында кандай адамдар турса, ал адамдардын максаты жеке кызыкчылыктары үстөмдүк кылса, ошого жараша иштер болот турбайбы. Учурдагы жетекчилик жаңыча (анын ичинде КПФы төрагасы, анын орун басарлары, кеңешчилери, анын артында турган “абышка-кемпирлердин”), замандын талабына шайкеш келе турган, 180 градуска бурулуп, мыкты иштерди кылганга каалоосу жок. Атүгүл алардын ал боюнча ою да жок. Кыскасы, алардын дээринде жок турбайбы. Убагында ошол профсоюздук аксакал сөрөйлөр жогоруда айткан кишинин кеткенден кийин кубанышып, шарактап шарап ичишип, “шайлоо” кылымыш этип жатканда, катуу кыйкырып жүрүштү эле – “реформа эле, реформа кылабыз” деп. Кана ошол реформалар? Ал реформалардын көлөкөсү эмес, керек болсо жыты дагы жок. Алар ошол айтылган реформаларды эзели кылбайт. Себеби, алар аны кыла албайт. Мына ушул сындуу сөздөрдү беттерине айтсам, мени баардык жерде, түшүнбөгөн адамдарга жамандап жүрүшөт. Профсоюздук “аксакалдарга” айтайын, мен антип каралоодон жана баракча (листовка) тараткандан эч нерсе болбойм, себеби, чындык мен тарапта. Бул “реформаторлордун” бир эле кызыкчылыгы бар – ал профсоюздардын мүлкү, акча бөлүштүрүүнүн бир топ “мыйзамдуу” жолдорун өздөштүрүп, схемаларды түзүп алышкан. Ошол үчүн профсоюздар федерациясында тырышып жүрүшөт. Себеби, ал уюмда жеңил-желпи акча табуунун жолдору көп. Жандары кыйналбайт, ысык-суукта базарда турушпайт, чаң талаада кетмен чаппайт, курулушта оор кыш көтөрбөйт, белдери оорубайт, колдору жоорубайт. Булар бир реформаны кылышты, бетке айткандарга кысым-басымдарды көрсөтүштү, укук коргогондун ордуна, тескерисинче, укуктарды кордошту. Анан кайдагы өзгөрүү болмок эле өзүлөрү бузуку болсо? Ушундай нерселерди ачык айткан үчүн мени жана башка адамдарды жамандап жүрүшөт.

– Май айынын аягында сиз жана сиздин тарапташтар Кыргызстан профсоюздар федерациясынын алдында акция өткөрдүңөр. Эмне себептен көчөгө чыктыңар? Ойду башкача айтуунун жолу жок беле?

– Ооба, мен жана мени менен болгон тилектеш адамдар, өзгөчө жаштар митинге чыгышты. Антип чыкканыбыздын себеби, “коомчулук Кыргызстан профсоюздар федерациясынын ичиндеги былыктар жөнүндө уксун, билсин” дегенбиз. Биздин негизги ураан – “Профсоюздар Абдрахмановсуз” деген болчу. Ага жогоруда айтылган ойлор негиз болгон. “Балык башынан сасыйт” эмеспи, башында кандай адам болсо, чоң уюмдун иши да ошондой болот. Ал киши жана анын командасы өзгөрүүлөрдү каалабайт. Азыркы КПФын жетекчиси профсоюздук кыймылдын трагедиясы болот. Кесиптик бирликтерди акыры жок кылат. Ошону билип, түшүнгөн  үчүн, биз ачык эле көчөгө чыгып айттык, бул дагы позицияны билдирүү формасы, демократиялык өлкөлөрдө митинг, пикеттер өткөрүлө берет, мунун жаман эч нерсеси жок. Митинге чыкканга чейин бир топ жолу КПФ жетекчисине бетме-бет жолугушууларды сунуштагам, түз эфирге чыгууну дагы айткам. Бирок, тилекке каршы, андайга барышпады. Болгону митинг өткөндөн соң, түз эфирге (радиого) Жанадил Абдрахманов өзүнүн жашыраак орун басарын жөнөттү. Ал жерден аны мен муундаш болгон үчүн эле көп сын айтпадым. Анткени, суроолордун баардыгы түздөн-түз Жанадил Абдрахмановго даректелген болчу. Бирок, ал киши адаттагыдай коркуп, бетме-бет түз эфирден сүйлөшүүдөн шылтоолоп качты. Арты таза адам түз эфирден баш тартабы? Менимче, качпайт, тескериче, каалайт элдин алдына чыгып атаандашына каршы аргумент айтканга. Бирок, булар андай шарттан коркушат, себеби, колдорунда каршы аргументтери жок. Тек гана тымызын көшөгөнүн артында жатып алып, иштерди кылганга көнүп калышкан жана курч суроолордон чочулашат. Мурунку жетекчилик ММКлар менен баарлашууга кызыктар эле. Ар түрдүү сын-пикир, суроолор болсо да жооп берчи. Түз эфирге чыгыштан эч чочулачы эмес. Өткөн түз эфирге чалынган 99% телефон чалуулары сын-пикирлүү болду. Бир дагы адам “профсоюздар алгылыктуу иштери аткарып жатышат, баары жакшы” деп айтышкан жок. Тескерисинче, нааразычылыгын абдан билдиришти. Ошентип, айтып жатышса дагы азыркы жетекчилик эч нерсе болбой отурушат.

– Тимур мырза, сындаган жеңил иш кылганга караганда. Сизде сындоодон тышкары башка ойлоруңуз барбы? Профсоюздарды эмне кылыш керек? Деги эле азыркыдай профсоюздардын кереги барбы Кыргызстанга?

– Албетте, бар. Жөн эле курулай сөздөрдөн мен алысмын. Сындаган соң дароо альтернативалык багытты сунушташ керек, мен аны туура түшүнөм. Жеке менде профсоюздар боюнча аларды мыкты деңгээл болбосо дагы карапайым элди канааттандыруучу деңгээлге чыгара турган боюнча ойлор көп. Мени сындаган да адамдар болду митингде, “мурун эмне ал ойлорду айткан жоксуң?” деп. Улуу айда калп айткан болбойт жана учурунда бир топ сунуштарды, арасында сындуу ойлорду дагы айтып жүрчүмүн. Мен КПФ иштерине аралашып жүрүп, бир нерсени түшүндүм. Чыныгы реформа кылыш үчүн радикалдуу жолго түшүш керек. Андан башка жол жок. Себеби, учурдагы профсоюздук жетекчилердин көбү (баары эмес, арасында дагы бар дурусураак иш кылган, булар: жаштар, соода, билим-илим, тоо-кен, коммуналдык чарбадагы жана авиация кызматкерлеринин тармактык профсоюздары) ойлойт “азыркы мезгилдеги профсоюздук көйгөйлөрдүн башатында турган Саралаев жана Токтогулов үчүн” деп. Же анын артындагы (баракчаларга ошентип жазышыптыр Асанакунов деген кишини), ал кишини мен тааныбайм жана көргөн эмесмин. Ысык-Көл облусунун губернатору болгонун дагы эми билдим. Менимче, бул баягы эле жамандоонун бир элементи, бөйрөктөн-шыйрак чыгармай адат болуп калыптыр. Дагы бир жолу баса белгилеп айтайын, учурдагы КПФ көйгөйлөрү Саралаев, Токтогулов же мен билбеген, жармаштырган Асанакунов үчүн эмес, маселе менде же башкада эмес, маселенин баардыгы өзүлөрүндө, алардын иш кылбаганында. Мейли, “бириң өлүп, бириң кал” деп кол шилтеп, жеке иштеримди кыла берейин (Кудайга шүгүр кылып эле жатам), бирок, эртең же бүрсүгүнү дагы мага окшогон, алардын былык иштерине иренжиген, тике айткан киши сөзсүз чыгат. Анда алар эмне кылышат? Кайра эле аны жамандап жатып калышат. “Пожарный метод” маселени чечпейт. Көйгөйдү түп-тамыры менен радикалдуу жол аркылуу чечүү керек. Антпесе, азыр кандай болсо, профсоюздар эртең деле ошол бойдон кала берет. Эми сөздүн соңунда, мен силердин гезит аркылуу катардагы профсоюз мүчөлөрүнө жана коомчулукка кайрылат элем, ушундай профсоюздар федерациясынан тажаган жоксуңарбы? Келгиле, жалпылап маселени кабыргасы менен коелу? Мындай профсоюздар федерациясы карапайым элге кереги барбы деги? Себеби, бул паразиттик уюм болуп калды го? Карапайым калктын эсебинен жашаган, мындан ары дагы ушундай жат көрүнүшкө көз жумуп жүрө беребизби? Качанкыга чейин бул нерсе созулат? Мен жаңы муун үчүн мындай элдин эсебинен жашаган профсоюздук уюм кереги жок, ошон үчүн баштаган ишимди токтотпой улантып, аягына чейин бекем туруп, профсоюздук олигархтар менен күрөшөм.

Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: