Menu

Шайлоонун шаңын утурлап уйкудан калган Төрөбаев

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев соңку кездерде Жогорку Кеңештин трибунасын ар түрдүү маселелерди көтөрүп эле чыйпылыктап атат. Бир туруп саясатты, бир туруп маданиятты айтып калат, кээде чочугансып интернеттеги «фейктерге» чара көрөлү дейт, айтор, күйпөлөктөп эле атат, жарыктык. Уйку көрбөй иштеп, Эргешович эмне мынча активдүү депутатка айланып кетти деп башыбыз маң болуп атты эле, көрсө, 2020-жыл жакындап калган турбайбы. Шайлоонун алдында «минтели-тигинтели»-деп эл көзүнө пиар жасабай, Төрөбаев мырза берген убадаларынын канча пайызын аткарганын айтып берсе жакшы болмок. «Парламенттик шайдоодогу 9%дык ченди ылдыйлаталы» – деп чамынгандын ордуна, «Биз иштей албайт экенбиз, 2020-жылы иштей тургандарга орун берели» десе жигиттик болмок. Депутат болбой калса, күнү бүтүп калчудай болгон Бакыт мырза шайлоого чейин дагы далай «трюктарды» көргөзөт эмеспи…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: