Menu

Кубаттын абалы куруп атыптыр

Бөлүшүү:

Саясий айдыңды курутуп, көрүнгөн жерге башын сала берген «чиритмелер» бар. Алар бир басып өткөн жеринде эмне болсо, ошонун баары чирип жок болот. Мындайлардын бири катары таанылган Кубат Болотканов деген бар. Учурда Бишкек шаардык кеңештин депутаты, «Республика» партиясы менен келген. Бир кезде КТРКнын директорунун орун басары болуп эмгектенген. Өзү Таластан болот, бир учурларда буту үзүлгөнчө чуркап атып Талас областына губернатор боло албай калган жайы бар. Шаардык кеңеште дагы жөн иштебей, мандат алып берген «Республика» партиясын жаман көргөзүп алганбы, айтор Кубат мырзага: «Келе жаткан шайлоодо башка партия менен чык, «Республиканын» катарынан орун артпай калды»,- деген сыпайы жообун билдиришиптир. Учурда ар кайсы партияга башын тыгып жүргөн кези. Бирок Кукенин «куру добушуна» кудуктагы суу дагы кургап калаарын сезген башка партиянын башчылары дагы аны жакын жуутпай атышыптыр. Болоткановдун «бойдок» тарыхы да бар дешет. Балким жигитчилик куракта «күндүк өмүрдүн түштүгүнө жорго минип алайын» деп жаткандыр. Бирок ошол эле маалда абийир деген кайда калат? Жигитмин деп эле жиниге берсе болобу?

Булак: Де-Факто 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: