Ислам Каримов дүйнөдөн кайткандан кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Шавкат Мирзияев Өзбекстан менен Кыргызстандын солгундап кеткен мамилесин жандандырууга аракет көрүүдө. Өткөндө Кыргызстандын жоон топ мамлекеттик делегациясын чакырып, жылуу мамилесин көргөзгөн. Эми болсо көп жылдан бери эки өлкөнүн ортосундагы делимитация жана демаркация маселесине маани берип чек араны тактоого көңүл бура баштады. Алсак, өткөн жуманын этегинде Фергана жана Анжиян шаарларында эки өлкөнүн чек араны тактоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусу өтүп, протоколго кол коюлду. Адистер Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары менен чектешкен аймактагы 55 талаштуу аймакка чыгып, жеринен таанышты. Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырым аралыкты түзсө, учурда анын 320 чакырымы тактала элек.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ