Menu

Эл 2010-жылы токсон жигиттин каны төгүлүп жатса мародер жасаган айбандарды депутат кылганына эбак эле башын мыкчыган

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин атамекенчи депута­ты Алманбет Шыкмаматов, «Референдум өткөндөн кийин авторлор уят болуп, сот реформасы ошол бойдон калаарын, бийлик өкмөт менен президентке ооп, Пар­ламент алсырап, Кумтөр боюнча эч ким жоопкерчиликке тартылбасын айтып, эл ошондо башын мыкчып отуруп калаарын билдирди. Мындан улам бул нарындык тоголок жигитке айтаарыбыз мындай: айланайын Алманбет мырза, элде эмне күнөө? өзүңөрдүн кызыкчылыгыңар болсо эле эл дейсиңер да, элди күнөөлөп жатып каласыңар. Ошол элдин маселеси болуп калса бирөөң да чечип берип койгонго жарабайсыңар. Эл Убактылуу өкмөттү бийликке алып келгенине, токсон жигиттин каны төгүлүп жатса мародер жасаган айбандарды депутат кылганына эбак эле өкүнүп баштарын мыкчып алышкан. Эми эмнеге эл дейсиңер ыя? Элден айлангыла! Эл эч нерсе чечпей калганын Алманбет Шыкмаматов эң жакшы билет. Себеби, 2010-жылы да, 2016-жылы да элдин добушусуз эле бийлик тараптан тандалган партиялар парламентке келип отурасыңар го. Адахан Мадумаровчулар азыркыга чейин айтат го «2010-жылы Ата-Мекен» партиясы эмес, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы өткөн» – дешип. Анан эмнени айтасыңар, элди жайына эле койсоңор…

Булак: Ачык саясат 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: