Жогорку Кеңештин 20-октябрдагы жыйынында интернеттин кымбаттап, ылдамдыгынын жайлап кеткендигине байланыштуу маселе каралды. Депутат Жанар Акаев кээ бир өлкөлөрдө интернет акысыз болуп жатса, Кыргызстанда кымбат бойдон калып жатканын айтып, маселени чукул арада чечпесе, Кыргызстан интернетсиз калышы мүмкүндүгүн белгиледи. Ал эми депутат Рыскелди Момбеков Кыргызстандагы интернеттин кымбаттоосуна «Кыргызтелеком» ишканасы күнөөлүү экенин билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, ишкананын жетекчилиги Казакстанга барып, интернетти 50 доллардан алууга макулдашып, атүгүл жарым акчасын алдын ала төлөп да келген. Ошол эле мезгилде Казакстан Россиядан интернетти мурдагы эле баада алып келүүдө. Депутат муну менен «Кыргызтелеком» ишканасы өлкөгө 500 млн. сомго зыян келтирип, чыккынчылыкка тете иш кылганын белгиледи.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ