Menu

Юрий Лонгонун табышмактуу өлүмү

Бөлүшүү:

Россиянын атак-даңктуу экстрасенстеринин бири Юрий Лонгону орус эли гана эмес башка элдер да жакшы таанучу. Ал өзүн “белый маг” деп атап, өтө популярдуу болчу. Миңдеген адамдарга жардам берген Юрий Лонго өзүнө жардам бере албай 55 жашында жүрөгүнүн кан тамыры жарылып кетип  каза болуп калды. Анын табышмактуу  өлүмү далай талаш-тартышты жаратып, ар кандай ой-пикирлер айтылып келатат. Юрийге арналган бир нече телеберүүлөр да болгон. Аны жакындан билген адамдар жана аны тааныган да, тааныбаган да экстрасенстер “Юрий Лонго энергетикалык соккудан каза болду”( энергетический удар) деп айтып келатышат. Юрийдин жакындарынын айтымында,  анын ден соолугу чың болгондуктан оорудум дегенин эч качан угушкан эмес.

Өлөөрдөн бир күн мурун Лонго Россиянын  атактуу телеканалдарынын биринде телеберүүгө чыгып, дагы бир атактуу экстрасенс Грабавойго каршы сөз сүйлөгөн. Грабовой Бесланда өлгөн балдарды тирилтип берем деп балдардын ата-энесинен чоң суммадагы акча алганын, бул акылга сыйбас акмакчылык экенин айтып чыккан. Ошонун эртеси эле Юрий Лонго капысынан эле жүрөгү жарылып каза болуп калганын уккан кесиптештери дароо эле бул эки магдын кармашы экенин жана Юрийге энергетикалык сокку урулуп, күчтүүсү жеңип кеткендигин айтып чыгышты. Юрийдин жакын досунун айтуусунда бир аз күн мурун Юрий кудайга жалынып, билип-билбей кетирген күнөөлөрү үчүн кечирим сурап тазаланып, крещение ритуалын жасаш үчүн бир нече чиркөөлөргө кайрылса, анын маг экенин билгендер макул болбой коюшат.

Бирок  Владимир шаарындагы бир кичинекей чиркөө  макулдугун берип, Лонго крещение ритуалын жасайт. Башка магдардын айтымында, Юрий экстрасенс, магдардын эгрегорун (космостук күч) таштап диний эгрегорго өткөндүктөн  терс күчтөрдөн сактоочу, коргоочу күчүн жоготуп койгондуктан сырттан келген энергетикалык соккуга туруштук бере алган эмес. Каза болгондон кийин дагы бир мындан башка сенсация жараткан жоромол пайда болду. “Юрий Лонго тирүү болуш керек, себеби өлгөн адам өтө эле жаш жана бети арыгыраак көрүнүп, бетине көп грим коюлганын байкадык дешет. Бул жоромолдун чыгышына ар дайым тамашакөй жүргөн Юрийдин өзүнүн буга чейин айтып жүргөн  сөздөрү себеп болгон. Ал ар дайым тамаша-чынга салып, өзүнүн ордуна моргдон башка адамдын денесин көмдүрүп, тынч жашагысы келгенин айтчу экен. Ал өз убагында “Эл аралык магдардын, экстрасенс, колдундардын мектебин ачып, кеңири жолго койгонго жетишкен. Анын мектебинин филиалдары, Германия, АКШ, Австралия, Израилде да кеңири тараган.

1990-жылы Японияда  өткөн касиеттүү адамдардын конкурсунда биринчи байгени жеңип алган. Юрий Лонго саясатчылар менен да тыгыз байланышта болуп, Украинанын “оранжевый революциясына” да өз салымын кошконун айтып жүрчү экен. 2004- жылы Виктор Ющенкону өлүм алдында жатканда тирилткенин өзү айтып чыккан. Адамды тирилтүү боюнча Юрийдин моргдо жаткан өлүктү өзүнүн энергетикалык күчү менен ордунан тургузганы тууралуу телеберүүлөр далай ирээт көрсөткөн. Ошентип Юрий Лонгонун өлүмү тууралуу табышмактын жандырмагы ушул күнгө чейин табылбай келет.

Лариса Асанбекова

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: