Menu

Башмыйзам жоготтук, ким көрдү?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин  жыйынында 2010-жылы референдум аркылуу кабыл алынган Конституциянын түп нускасы каякта экени тууралуу талаш чыкты. Натыйжада анын кайда экенин ага жооптуу расмий адамдардын эч кимиси билбестиги белгилүү болду. Ошентип ансыз деле талаштан арылбай жаткан Башмыйзам маселесинде дагы бир баш оору чыкты.

Башмыйзамдын түп нускасы — оригиналы кайда экени тууралуу маселени алгач депутат Данияр Аттокуров козгоп чыкты. Ал укук коргоочу Токтайым Үмөталиева ушул маселени айтып жүргөнүн негиз кылып, түп нуска кайда экенин тактоону өтүндү. Бул суроого жооп берген юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева мыйзам боюнча түп нуска президенттин аппаратында сакталарын, министрликке анын көчүрмөсү келгенин ырастады. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев президенттик аппараттын архивинде да, кеңсесинде да Башмыйзамдын түп нускасы жоктугун, анын кайда экенин билбестигин айтып алакан жайды. Ушул жооп депутаттарды чуру-чууга түшүрүп, анда кайсы Башмыйзамды өзгөртүп жатабыз дегендер чыкты.

«Атамекенчи» депутат Наталья Никитенко бул маселени иликтөө үчүн атайын комиссия түзүүнү сунуштап жиберди, бирок аны эч ким уккан жок. Бул фракциянын дагы бир депутаты, мурдагы баш прокурор Аида Салянова өзгөртүү киргизерден мурда ошол түп нусканы табуу зарылдыгын, болбосо каякка өзгөртүү киргизилгени түшүнүксүз болуп каларын айтып чырылдады. Депутат Каныбек Иманалиев болсо: “Эгерде оригиналы жок Башмыйзамга өзгөртүү киргизсек, бүт дүйнөгө уят болобуз. Туңгуюкка такалдык, жүрүп бараткан машинаны оңдойлу десек, машинанын өзү жок болуп жатпайбы?» – деп маселени кабыргасынан койду. Ошентип бул маселеде чырылдап чыккандар негизинен “атамекенчи” депутаттар болду.

Бул талаш дароо маалымат агенттиктеринде башкы темага айланып, интернеттеги социалдык тармактарда отургандардын шылдыңына кабылды. «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат сайттарынын бирине түп нуска каякта сакталышынын жол-жобосун айтып берди. «Референдум өткөндөн кийин жыйынтыгы чыгарылып, кандай текст кабыл алынганын БШК бекитет. Бир текст бул комиссияда болуш керек. Анан ошол кабыл алынган текст президентке жөнөтүлөт. Президент ага кол койгондон кийин президенттик аппаратта сакталышы шарт»,- деген депутат президенттин адамдары «Башмыйзамдын оригиналы жок» деп чуу чыгарганын, андай болсо ага Атамбаев өзү, же ошого жол берген аппаратынын жетекчилери жооп бериши керектигин кошумчалады. “2010-жылы кабыл алынган текст Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген. Текст боюнча эч кандай шек жок. Кол коюлган тарыхый документ президентте сакталыш керек»,- деп баса белгиледи Текебаев.

Мындай талаш-тартыштарга жана Конституцияны өзгөртүүнү токтотуу зарылдыгын айткан депутаттар көп болгонуна карабай парламент Башмыйзамды өзгөртүү үчүн референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун кароону улантты. Каршы болгон депутаттар өзгөртүүлөрдөн кийин өкмөт менен президенттин ыйгарым укуктары күчөрүн, парламент алсырарын белгилешти. Дагы бир маселе – эгер сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынса, премьердин жаңы ыйгарым укуктары 2017-жылдын декабрында, тактап айтканда бир жылдан соң гана күчүнө кирет. Бирок кечээки жыйында анын себебин демилгечилер так түшүндүрүп бере алышпады. Депутат Мыктыбек Абдылдаевдин: «Эмне үчүн бир жыл күтүшүбүз керек, дароо эле күчүнө кирсе болбойбу?»- деген суроосуна Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов: «Ага чейин азыркы Башмыйзам менен иштеп туралы дегенбиз»,- деп эптеп жооп узатымыш болду. Бул дата Алмазбек Атамбаевдин президенттик ыйгарым укуктары аякташын эске салат. Демек жаңы кабыл алынчу өзгөртүүлөр күчүнө кирчү убакыт менен Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүткөн учур дал келиши да көп нерсени каңкуулап тургансыйт.

Канткен менен Жогорку Кеңеш кечээки жыйында Конституцияны өзгөртүү үчүн быйылкы жылдын 11-декабрына референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Ага жыйынга катышкан 104 депутаттын 88и “макул” деп добуш берсе, 16сы каршы чыкты. Эми бул долбоор үчүнчү окууда жактырылса, президенттин кол коюусуна жиберилет. Ошону менен Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга шатыра-шатман шанаңдап кирип барабыз.

Шамил Эрболов

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: