Өзүн Кудай атап алып бул тууралуу айтып, жазып дагы жүргөн коомдук ишмер Арстан Алай Кытайга коронавирусту жөнөткөнүн билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-мартта пресс-конференцияда айтты.
Ал коронавирустун жаңы түрүнөн адамзаттын 70% курман болорун, бирок бул илдет кыргызстандыктарга тийбестигин айткан. Анткени кыргыздар дүйнөнү табигый күчтөр менен башкарат.
Ал коронавирус илдетин жибергенин жана анын чек арасын чийип койгонун айткан. Аталган илдетти жерди тазалоо максатында жибергенин кошумчалаган.
“Менин сөздөрүм, менин ойлорум – мыйзам, менин куралым – табигый күчтөр” – деген Арстан Алай.
Белгилей кетсек, Арстан Алай мурдараак дагы Кытай Кыргызстандын карызын кечирбеген үчүн коронавирус илдетин жибергенин айткан.
Эсиңиздерге сала кетсек, Арстан Алай 2011-жылы жана 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан. Бирок ал “Зима не будет” деген сөзү менен элге таанымал болгон. Мындан сырткары ал өзүн Кудай атап, 2020-жылы ааламдын президенти болоорун айтып келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ