Menu

Оренбург облусунда кыргыз мигранттарына байланыштуу кайрадан көйгөйлөр жаралууда

Бөлүшүү:

Оренбург облусунда кыргыз мигранттарына байланыштуу кайрадан көйгөйлөр жаралууда. Алар Оренбургда жаш балдар менен ачык талаада жашашат. Алардын айтымында, билеттерди сатып алган рейстер ар дайым кийинкиге жылдырылууда.

“Апрель айында биз өзүбүзгө жана төрт неберебизге билет алдык. Ошондон бери рейс бир нече жолу жылдырылды. Көңүлүбүз чөгүп, башка кыргызстандыктар менен автобус менен Оренбургга жөнөдүк. Элчиликке кайрылдык, бирок эч кандай натыйжа болгон жок. Биздин бир гана талабыбыз бул жерден Кыргызстанга бир тараптуу транзиттик коридор ачуу”, – дейт жубайлар. Алар балдары менен ошол жерде.

“Бул жер талаа, суу жок, жакын жерде турак-жайлар да жок. Кыргызстанда бизди күтүп турган жумушубуз бар, биз бул жакта кала албайбыз, бирок келүүгө аргасыз болдук. 6 айдан бери элчиликтен реакция күткөн жокпуз. Биз акча сурап жаткан жокпуз, бир гана Казакстан аркылуу транзиттик коридор ачууну сурануудабыз”. – дейт дагы бир кыргызстандык жаран.

Ал өкмөттөн жооп талап кылат. Анын айтымында, күн сайын миңдеген адамдар Россиядагы Кыргызстандын элчилигине чогулушат.

“Бул жерде эркектер чогулду. Шайлоо жакында болот, чогулган элден сизге добуш берүүсүн суранасыз. Балдар жана кош бойлуу аялдар бул жерде, ал тургай чоң кишилер үчүн түнкүсүн абдан суук. Азырынча бизге чатырлар жана тамак-аш менен Россия гана жардам берип жатат ” – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: